Menu

61 жаштагы киши Бишкек шаарынын тургунуна унаа сатууда жардам берем деп убада берип, бирок аны алдап кеткен

Бөлүшүү:

Борбор калаанын Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери алдамчылыкка шектелген адамды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 27-августта Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына борбор калаанын тургуну Д.А., жазуу түрүндөгү арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Баха аттуу чала тааныш адам 2020-жылдын январь айында унаа сатууга жардам берүүнү шылтоолоп, 10 800 долларлык Тойота Камри унаасын алган. Ал аны башкаларга кайра сатып жиберип, ошол бойдон жок болуп кеткен.

Бул факт Биринчи май РИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча сотко чейинки иш козголгон.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек ШИИБдин оперативдик кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1959-жылы туулган И.Б., кармалып, Биринчи Май РИИБдин тергөө кызматына жеткирилген. КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда, тергөө амалдарынын алкагында кармалган жарандын башка кылмыштарга катышуусу бар жогу текшерилип жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: