Menu

Видео – Раим Матраимовдун экс-президент Алмаз Атамбаевге кайрылуусу

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-майда КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимов, экс-президент Алмаз Атамбаевге видеокайрылуу жасады.

Төмөндө Кайрылуунун тексти жана видеосу толугу менен:

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Улуу Рамазан айынын ыйык күндөрүндө мусулман пендесине мүнөздүү болгон кечиримдүүлүктү, ыйманды бийик тутуп сизге ачык кайрылууну туура көрдүм.

Менин бул чечимиме өткөн аптада кичи мекеним болгон Кара Суу районунда маркум Исмаил атабыздын жаркын элесине арнап, көп жылдан бери үй-бүлөлүк салтыбызга айланып калган спорттук чоң иш-чаранын өтүшүнөн кийин, бир катар сизге таандык болгон жана сиз менен тилектеш айрым массалык маалымат каражаттарынын коомчулукка бир беткей каралоолору түрткү берди.

Анткени аталган салтанаттуу маараке түпкүлүгүндө эч кандай саясаты жок эле бизди тарбиялап өстүрүп, эрезеге жеткирген, кадыры калкына сиңген атабызга түбөлүк таазим көрсөтүү менен бирге өз өрөөнүбүздүн элине майрамдык маанай тартуулап, жаштарыбыздын спорттук шык-дараметтерин арттыруу максатын көздөйт.

Тилекке каршы жумурткадан кыр издегендей, ага саясий боёк сүртүп, биздин үй-бүлөбүздүн абройуна шек келтирип, бир беткей кара өзгөйлүк менен ыксыз каралап, коомчулукка чагым иретинде бурмалап чагылдырууга далаалаттанган сиздин айгайчыларыңызга жол болсун!

Андыктан биз мындай ыпластыкка чыдап, унчукпай тура албайбыз. Буга биздин атанын уулдары деген бийик атыбыз, ар намысыбыз жол бербейт.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Сиз буга чейин да акыркы бир жарым жыл аралыгында бир  нече жолу массалык маалымат каражаттары аркылуу мени тынымсыз каралап, коомчулукка жек көрсөтүп, жаманатты кылып келдиңиз. Табиятыман тарбиялык  мүнөзүм менен унчукпастан, сиздин мурдагы мага кылган жакшылыктарыңыз менен колдоолоруңузду эске алып, сабырдуулук менен карманып келдим.

Анткен сайын сиз адамкерчилик чектен ашып, токтобой баратасыз. Ачык айтып, баса белгилегим келет. Сиздин алты жылдык президенттик бийлигиңиздин тушунда деле атабыздын элесине арналган жогорудагы турнир тынымсыз өтүп келген. Эсиңизге салсам, убактыңыз тартыш болуп, ордуңузга премьер-министр баштап, эң жакын кишиңиз Икрам Илмиянов досум коштогон командаңыздагы жоон топ адамдарды өзүңүз жөнөтүп жүрбөдүңүз беле. Сиздин командаңызга кошулганыма чейин жөн гана Раимбек болсом, кийин эле сиз “Раим Миллион” атка кондурдуңуз. Аллахтын колдоосу жана жеке аракетим менен Бажы тармагында катардагы инспекторлуктан тартып бир катар кызматтык тепкичтерди басып өтүп, Ош Бажысынын башчылыгына чейин жеттим. Кийинчерээк сиздин жеке колдооңузга, ишенимиңизге арзып, жыл сайын мамлекеттик план тапшырмаларды ашыгы менен аткарып, иштеп жүрдүм. Сиз муну жакшы билесиз. Буга ошол кездеги Бажынын статистикалык маалыматтары далил.

Өз кезегинде аткарган ишимди жогору баалап, жеке өзүңүздүн жана жакын кишиңиз Икрам досумдун колдооңуздар аркылуу Бишкекке которулдум. Борбордо да сизди уят кылбай иштедим. Командаңыздагы эң ишенимдүү адамдарыңыздын бири болуп жүрдүм. Деги эле 2010–жылдан тарта сизге жана сиз башында турган партияга ар тараптуу көмөгүмдү берип, колдоо көрсөтүп келдим. Ошонун негизинде сиз менен жакын мамиледе болуп, үй-бүлөлүк сыйыбызды көрсөтүп, раматылык апабыздын колунан чай ичип батасын алдыңыз.

Анан эле экөөбүздүн ортобуздан кара мышык аралады. 2017- жылы октябрь айында кайын эжем менен кызыңыз унаа токтотуучу жайлардын биринде орун талашып, урушуп кетип,  анын кесепети мага тийди. Кайын эжем көптөн бери беш убак намаз окуган, дин жолунда жүргөн ыймандуу аял болгондуктан, жөнү жок эле жаңжалга аралашпаса керек эле. Эки аялдын чатагынан кийин мага болгон мамилеңиздин жүз пайызга өзгөргөнүнө таң каламын. Жаңы шайланган Президентибиз кызматына киришээрден бир күн мурда, 2017-жылдын 23-ноябрында мени кызматтан алдырттыңыз. Өкүнүчтүүсу  пайгамбарыбыз Мухаммед ва саламдын хадисинде айтылгандай “Жоону жеңген баатыр эмес, ачуусун жеңген баатыр” дегенчелик боло албай, ачууга алдырып,  өзүңүздүн бийик даражаңыздан менин деңгээлиме түшүп алдыңыз. Ошондон бери мен мамлекеттик кызматта эмесмин.

Сиз эл алдында бир нече ирет бай мультимиллионер экениңизди талбай айтып келесиз. Менин байлыгымды да,  өзүм эмес элге сиз жарыя кылып жүрөсүз. Кудайга шүгүр, байлыгым сиздикинен көп болбосо да, бардар жашоом бар. Сиз сыяктуу мен дагы бай досторду күттүм, бир туугандар менен бирге үй-бүлөлүк бизнес түздүк, аны өнүктүрдүк. Сиз экөөбүздөгү байлыкты Аллахтын сыноосу деп билемин. Андыктан Аллах берген байлыгымын теңин элим менен бөлүшүп, ар дайым элимдин жеңилин жерден, оорун колдон алуу менен бирге бир катар соопчулук иштерди жасоого аракеттенип жүрөм.Таң калыштуусу менин жана үй-бүлөмдүн байлыгы сизди 2017-жылга чейин кызыктырбай, сиз президенттиктен кеткенден кийин тынчыңызды бузуп, кыжаалат кылганына түшүнбөйм.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Сизге ачык кайрылам. Убагында мамлекетке ак кызматымды өтөдүм. Сизге да колумдан келишинче чоң ишеним менен кызматымды кылдым. Мындан ары азыркы Президентибиз менен болгон өз ара мамилеңиздерге мени аралаштырбоону суранамын.

Аягында айтаарым  мага карата ыксыз каралоону, калпты чындай кылып жаманатты кылууну токтотпосоңуз, мындан ары жөн олтурбаймын. Сиз менен күрөшүүгө менде да жетиштүү маалыматтар жана күч кубатым жетишээрлик. “Сабырлуу болсоң озоорсун, сабырсыз болсоң осолсун” дегендей Улуу Рамазан айында сизге ыйман жана сабырдуулук тилейм”, – деп аяктаган кайрылууну Раим Матраимов.

Видео: Бей-бечаралар

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: