Menu

Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Экс-президенттердин кол тийбестиги боюнча мен иштеп чыккан сунуш өзгөрүп кетиптир”

Бөлүшүү:

—Исхак Абсаматович, экс-президенттердин кол тийбестигин алуу боюнча демилгени көтөрүп, бирок жазылган мыйзамга ичиңиз толбой калганын айтып чыктыңыз, колдогон жоксузбу?

—Каршы чыктым. Анткени, мен иштеп чыккан сунуш өзгөрүп кетиптир. Мен кол тийбестикти тап-такыр алынып салыш керек дегем, айрым депутаттар Конституциялык палатанын жолдомосу менен «экс-президентти Башкы прокуратуранын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинин добушу жоопкерчиликке тартылат» деп жазып, колдоп берди. Мындайча айтканда, экс-президентти иштеп
жаткан президенттин статусу менен тең кылып койду. Бул туура эмес.

—Эгер иштеп кеткенден кийинки учурга кол тийбестик берилбесе, мөөнөтүн аткарып жаткан Президент эч нерсе жасай албайт деген жүйөнү карманып жатышат, бул туурабы?

—Таза иштеген адам эмнеден коркушу керек? Өзүнө тиешеси жок иштерге кийлигишпесе, чарбалык жумуштарга аралашпаса, анда эмнеден коркот? Бизде далилдер бар, Абсамат Масалиев 6 жыл, Турдакун Усубалиев 25 жыл Кыргызстанды башкарган, алар эч кандай кол тийбестиги жок эле жүрүшкөн эл арасында. Демек, эч кимге кереги жок. Кол тийбестикти берүү формалдуу түрдөгү кошоматчылык деп айтсак болот. Эгер бул мыйзамга кол коюлса мен сотко берем.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: