Menu

Боронов тигиге да, буга да макул

Бөлүшүү:

Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов өкмөт уран кенин казууга биротоло тыюу салууга багытталган мыйзам долбоорун колдой турганын айтты. Буга дейре инвесторлор салган каражат эмне болот, аларды дагы эске алыш керек дегенди премьер-министр экөө каңкуулап жатышкан. Элдин каршылыгын көргөн президент уран казууга тыюу салуу керектиги тууралуу пикирин билдирген соң, Боронов дагы тоту кушчасынан баш ийкөөгө аргасыз болду окшойт. Негизи өзүнүн көз карашы, пикири жок аткаминерлер бийликтин бийик сересине чыгып алышып, анан жалтактап, мурдунан чүлүктөлгөн абалда кайда жетелесе ошол тарапка чуркап жүрө беришет.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: