Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-сентябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Тажикстандын Душанбе шаарына учуп келди.
Аэропортто Мамлекет башчысын Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхимов тосуп алды.
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынында уюмдун азыркы ишмердигинин маселелери, ошондой эле Шериктештик өлкөлөрүнүн өз ара кызматташуусунун келечеги талкууланат.
Саммиттин алкагында эки тараптуу бир катар жолугушуу болжолдонууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ