Menu

Ийгиликке жетелеген сырларды билесизби?

Бөлүшүү:

Жалкоо дене түзүмүнүн жашоосу кооптуу

«Чуркоодон соң чарчоо абалы кадимки эле көрүнүш. Бирок эң негизги жетишкендик – андан ары аны улантуу болуп саналат» деп айтат окумуштуу Бен Мартынога. Чуркаган кезде дене ооруну өзү тазалап чыгат экен.

Эгерде айланабызга көз чаптырсак, баардык адамдар иштөө, чуркоо үчүн төрөлгөн. Чуркоо менен сиз ар дайым дени сак жана жеңил жүрөсүз. Ошондой эле мээңиз жакшы иштеп, көптөгөн ийгиликке жетишесиз.

Жалкоо бир дене түзүмү, жалкоо мээ дегенге барабар. Бендин айтымында, күнү бою убактысын бекер өткөргөн адамдардын ден соолугу кооптуу. Мындай жалкоо адамдардын бир гана дене түзүмү жабыркабастан, анын мээсинин клеткалары дагы зыянга учурайт.

Таңкы алтыда туруу өтө пайдалуу

Окумуштуулар адам таңкы алтыда ойгонуш керектигин билдиришти. Изилдөө көрсөткөндөй, эрте турган адамдын организми күнү бою жакшы жумуш иштейт экен.

Белгилүү болгондой, эртең менен организмге тонус берчү бир катар факторлор бар. Эң алды эртең менен кун сайын алтыда ойгонуу керек. Дал ушул маалда мээдеги нейрондор керектүү ирет менен жумуш иштей башташат. Ошондой эле бул убакта организмдеги көптөгөн клеткалар калыбына келет.

Окумуштуулардын айтуусу боюнча, баардык маанилүү чечимдер күндүн экинчи жарымына чейин кабыл алынышы керек. Бул учурда адамдын мээси кереги жок маалыматтар менен толтурулбагандыктан жана мүмкүн болушунча рационалдуу ойлоно алат. Кечке карай адамдардын акыл-ою алсырай баштаганы байкалат.

Оор басырыктуу адамдар ийгиликти бат багындырат

Статистика боюнча оор басырыктуу адамдар ийгиликке бат жетет экен. Болгону аларга бир канча сапаттарды кошуп коюу керек.

Психолог Мила Левчуктун айтымында, мындай түргө кирген адамдарга өжөрлүк, максаттуулук сапаттар жардамга келет. Башкача айтканда, алар дал ушул сапаттар менен кошо айлана-чөйрөгө өздөрүн бат көндүрүп, андан ары улап кетишет. Мына ушулар менен алар турмуштун сыноолорун да жакшы көтөрө алышат. Көрсө, оор басырыктуу адамдар жашоосундагы жетишпестиктерди, тартыштыктарды чыдамкайлык менен гана жеңишет экен. Ошондой эле алар ички жан дүйнөсүндөгү балансты да сактап кала алат. Ушундай жолдорду басып отуруп, ийгиликтин туу чокусун багындыра алышат. Мындай тур адамдарда өзүмчүлдүк сапатты кездештире албайбыз. Алар жонтана колунан келген аракетти жасаган адамдардын түрүнө кирмекчи.

(Интернет булактарынан)

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: