Menu

Чолпон Султанбекова мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар арасында шахмат боюнча II жеткинчектер чемпионатына катышты

Бөлүшүү:

Чолпон Султанбекова кечээ, 30 ноярбда, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар арасында Кыргыз Республикасынын шахмат боюнча экинчи жеткинчектер чемпионатынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанатына катышты. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Вице-премьер-министр бүгүнкү иш-чаранын мааниси чоң экенин белгиледи.

«Премьер-министрдин жана жеке өзүмдүн атымдан, сиздерди жеңишиңер менен куттуктап, спорттогу эле эмес, башка жетишкендиктериңерге дагы ийгиликтерди каалагым келет. Бул жашоодо алдына максат коюп жана ар кандай кыйынчылыктарга карабай ал максатына умтулуу- күчтүү адамдардын сапаты. Мен бүгүн өзүнө ишенген, күчтүү жаш жеткинчектерди көрүп жатам. Сиздер ушул жеңишиңер менен гана токтоп калбашыңар керек”, -деди Чолпон Султанбекова.

Вице-премьер-министр аталган чемпионатты уюштурууда Кыргыз Республикасынын шахмат Федерациясынын чоң салымын белгилеп кетти. Бул иш-чара мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн чоң ийгиликтерге жетүүдө көпүрө боло алды.

Чолпон Султанбекова балдардын ата-энелери дагы өзгөчө урматка татыйт деп белгилейт.

«Ата-энелер балдарынын таланттарын ачып, спортко жана маданиятка болгон сүйүүсүн арттырууга аракет кылып жатышат. Бул чоң иш үчүн ырачылыгымды билдирем», —деди Чолпон Султанбекова.

Вице-премьер-министр Өкмөттүн  «Жаны доорго — кырк кадам» программасында мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын абалын жакшыртуу багыты каралганын белгиледи.

«Бугүнкү күндө Өкмөттүн саясий эрки бар. Биз мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын экономикалык абалын жакшыртып жана мамлекет тарабынан алардын ата-энелерин колдоо боюнча иш алып баруудабыз”,-деди Чолпон Султанбекова

2017 жылдын 27-ноябрынан 30-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын шахмат Федерациясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бирдикте 18 жашка чыга элек, мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар арасында шахмат боюнча экинчи жеткинчектер чемпионатын өткөрүштү.  Турнирге өлкөнүн бардык аймактарынан 60 ашык бала катышкан.

Чемпионаттын жыйынтыгы менен 18 категориядагы жеңүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан заманбап телефондор, Кыргыз Республикасынын шахмат Федерациясынан баалуу белектер, диплом жана медалдар тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: