Menu

Бишкекте Молдо Кылычтын 150 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Бөлүшүү:

Быйыл кыргыз элинин туңгуч жазма акыны, даанышман ойчулу Молдо Кылыч Шамыкан уулунун туулган күнүнүн 150 жылдыгы жана дүйнөдөн кайткандыгынын 100 жылдыгы белгиленип жатат. Бул туурасында мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Ушуга байланыштуу 2017-жылдын 14-декабрында  Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында салтанаттуу жыйын болуп өттү. Кеченин башында Молдо Кылыч тууралуу даректүү тасма көрөтүлдү.

Салтанаттуу жыйынды Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов ачып берип, бир катар инсандар сөз сүйлөштү: ЖК депутаттары Ч.Турсунбеков, К.Иманалиев ошондой эле КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев, Академик А.Какеев ж.б.  Андан соң концерттик бөлүгүн актёрлор тарабынан даярдалган кыскача пролог менен баштады. Ушуну менен катар эле ыр-күүлөр менен коштолуп, көрүүчүлөргө Молдо Кылычтын казалдары тартууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: