Кыргызстанда электромобил өндүрүүнү каалаган инвесторлорду салыктан толук бошотуу боюнча сунуш киргизилүүдө. Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Нурбаев белгилегендей, сырттан ташылып келген машинелердин 90% 10-15 жыл пайдаланууда болгон.
– Алар эски экологиялык стандарттар боюнча чыгарылган. Анын үстүнө «Кыргызстанда жеке пайдалануудагы автоунааларды техникалык текшерүүдөн милдеттүү түрдө өткөрүү» деген талап жоюлган, – дейт демилгечи депутат.
Эгер сунушталып жаткан демилге колдоо тапса сырттан ташылып келген жана Кыргызстанда өндүрүлө турган электромобилдерге, кубат берүүчү станцияларга жана алардын тетиктерине салык жактан жеңилдиктер берилиши зарыл болот.
– Бул жарандарыбызга электромобил сатып алууга стимул болуп, атмосферанын булганышын азайтат, – дейт Нурбаев.
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги орноткон «Airnow» жабдуусунун маалыматы боюнча, өткөн ишемби күнү, 16-ноябрда Бишкек шаары дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаардын бири болду.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ