Menu

Депутат Айсулуу Мамашова: “Мектеп окуучуларын угуп олтуруп, аябай уялдым”

Бөлүшүү:

“Биз дайыма “Балдар – биздин келечегибиз” деп келебиз, бирок кылган ишибиз айткан сөзүбүз менен бир чыкпай жатат”. Ушинтип 21-ноябрда депутат Айсулуу Мамашова (“Ата Мекен”) ЖК жыйынында айтып чыкты.

20-ноябрда бала укугу жөнүндө БУУнун конвенциясы кабыл алынганына 30 жыл болгонуна байланыштуу ЮНИСЕФ мектеп окуучуларын Жогорку Кеңештин депуттары менен жолуктурганын айтып: “Биз балдар менен сүйлөшкөндө, алар көп суроолорду беришти. Мектептерде суук экенин, ошондуктан мектепке баргылары келбей, үйдө калып жатышканын айтышты. Өзгөчө көйгөй тоолуу аймактарда кышында пайда болот экен. Жыл сайын жылуулук берүү сезонуна даярдыктарды карайбыз, көмүр менен камсыз болду, бардыгы жакшы, кышка даярбыз дейбиз. Бирок балдар сууктун айынан окугулары келбей жатканын айтып жатышат,” – деди Мамашова.

Депутат айым балдар миграциядан баштап, өздөрүндөй балдардын өз жанын кыйып жатканына чейин, төлөтүп ийне сайганга чейин жана башка көйгөйлөрдү айтышканын белгиледи.

“Кечээ уялганыбыздан сөз таба албай койдук. Берилген суроолорго кадимкидей жүрөгүм ооруп чыкты. Алар конвенция жөнүндө сөз кылып, “эмнеге балдар тачке сүйрөп жүрүшөт?” деп жатышат. Буга эмне деп жооп беребиз? Мектептерде китеп жетишпейт экен, жетпегенден улам кыйнап, “сатып алгыла” дешет экен. А министр бул жакка келип, окуучулардын 90%ы китептер менен камсыз болду деп кетип жатат. Алар бизди алдап жатышат, биз элди алдап  жатабыз. Мен балдардан аябай уялдым. Балдар менен сүйлөшкөндө өз жоопкерчилигиңди миң эсе сезет экенсиң,” – деди Мамашова.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: