Тагдырдын тамашасын карабайсыңарбы, бул бийликтин доорунда төбөлдөрдүн кечээки үзөңгүлөштөрү абак жайда отуруп каларын ким ойлоптур? Саясатчы Кубанычбек Кадыров өзү эле эмес, алардын бүтүндөй ата-эне, бир туугандары Атамбаевдин анык күйөрмандары болушканын бүтүндөй коомчулук жакшы билет. Кыйын кезендерде арка-бел болгондорду Алмазбек Шаршенович эч убакта талаага таштабасын эске алганда Кукебиз убагында Атамбаевге майда-барат таарынычын бетке кармап жүрүп, кийин туура эмес жолду тандап алгандыгын туйган чыгаар. Азырынча үй-бүлөсүнүн камын Кадыровдун жубайы ЖОЖдордун биринде эмгектенип, күнүмдүк кем-карчтарды толуктап, каражат жагын өзү көтөрүп, кыйын сыноону башынан кечирип жаткан күйөсүнө арка-бел болууда. Бу жалганда «түрмөгө жылаан жатпасын» деген жакшы тилек бар. Эски досубуз Кубанычбек Кадыровдун да караңгы жайдан эртелеп бошонуп, арабызда адатынча күпүлдөп жүрсө деген тилек. Бир күнү болбосо бир күнү жарык шоола тийет. Сабыр гана керек…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ