2017-жылдын 3-октябрь куну Дурбек Алимжанов деп атаган жаран аны белгисиз адамдар коркутуп токмоктоду деп маалымдаган. Бул факты боюнча, укук коргоо органдары текшерүүнү жүргүзүшкөн, – деп маалымдоодо Ош ОИИБнин басма сөз кызматы.
ИИМдин маалыматтарына караганда, ал жаран бул окуя боюнча Ош ШИИБ жана Ош ОИИБнин ички иштер бөлүмдөрүнө расмий турдө арыз менен кайрылган эмес. Мындан тышкары денесинен дагы жарат алгандыгы боюнча медициналык мекемелерге жардам сурап кайрылган эмес.
Бирок «НТС» телеканалынан эфирге кеткен маалымат боюнча учурда Ош областык ички иштер органдары тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ