Menu

Эдил Байсалов: “Канат Исаевге коюлуп жаткан дооматтар толугу менен суу кечпейт”

Бөлүшүү:

– Эдил мырза, соңку жумада саясат катуу кызып, шайлоо сезону да акыркы фазасына кирди окшойт. Сиз Жогорку Кенеш депутаты Канат Исаевдин камалышын кандай кабыл алдыңыз? Анын күнөөсү бар деп эсептесек болобу?

– Мен Канат Исаевди эч качан жактаган эмесмин. Аны тескерисинче, сындап келгем. Былтыр эле бир премьер-министрди кетирип, кайра өзү спикер боло калчумун деп Жогорку Кенеште туура эмес кадамдарга барып, анан Конституцияга өзгөртүүлөрдүн долбоорун жактап, Салянованын суроолоруна кайра такалып, эки жумадан кийиң катуу сынчыга айланганына баарыбыз күбө болгонбуз. Бирок, мен азыр 100% ишенич менен кесе айта алам, Канат Исаевге каршы коюлуп аткан дооматтар толугу менен суу кечпейт. Атайын уюштурулган провокация деп айтканга туура келбейт. Кыргызда «жөн эле» деп коёт го, ошентип жөн эле бир кишиге микрофон, камера тагып, ал өзүн өзү катуу мактап, «ярый балдарым бар, агитатор топтоп бере алам, 500 киши чогултуп койдум» дегенине тиги депутат акча берип атат. Мен өз алдымча ошол жарыяланган видеолорду изилдеп көрдүм. Тиги криминал деген балдар өздөрү айткан сөздөрүнөн так анык болуп турат. Алар Канат Исаевди таанышпайт, жакын эмес, өмүрүндө бир жолу «Карвенде» көрүшүптүр. Анан бири бирине айтып атышат: «тиги бар го, жанагы депутат, ошол Ошко акча бериптир, эми Чүйгө таратып атыптыр» деп. Дагы бир башка аудиодо эки активдүү уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү делгендер ачыктан ачык телефон менен «госпереворот уюштурат экен» деп сүйлөшүп жатышат. Буга ишенсе болобу? Бандит эмес, азыр кичинекей кыздар телефон менен «госпереворот» эмес, ушак айтышпай калышкан. Булар болсо жөн эле бакылдашат, атайын бирөөсү экинчисине чалып алып, экинчиси деле түшүнбөйт, бул сөздүн ага кызыксыз экени көрүнүп турат. Эми айтыңызчы, үч бандиттин сүйлөгөн сөзүнүн негизинде килейген партия жетекчиси жана элдик депутатты камап коюга болобу? Парламентгик демократияда мындай эч мүмкүн эмес! Атайын ошол үчүн иммунитет берилген депутаттарга!

– Сиз жанагы кафеде, анан офисте отурган жериндеги видеолорду секундалап хронометраж кылып, анализдеп чыгыптырсыз. Ал үчүн сизди мурунку ИИМ жана УКМКны жетектеген «темир генерал» Феликс Кулов дагы мактады. Ошол жөнүндө айтып берсеңиз окурмандарга?

– Мен бул видеолор ишемби күнү чыкканда эле таң калгам. Биз эми атайын кызматтарыбызды билебиз иштерин орус тилинде жүргүзүшөт, анан биринчи кезекте орус тилдүү аудиторияга жарыялашат. А Канат Исаевдин иши боюнча жарыяланган үч видеону тең булар кыргызча чыгарышыптыр. Атайын кыргызча субтитр жазышып, редакциялап. Орусча болсо youtube видеолорду катуу атап коюшуптур: «Переговоры криминала по захвату власти (Бабанов
– президент, Исаев – спикер, Төрөбаев – премьер-министр)», «Канатбек Исаев передает миллион ОПГ для подготовки боевиков» деп. Анан пресс-релиз менен таркаганда булардын негизги аудиториясы биздин орус тилдүү журналисттер, саясатчылар, эл аралык коомчулук, социалдык тармактын колдонуучулары -баары эле дуу болушуп, ишеништи. Ал видеолорду биздин кыргыздар эле бир сыйра көрбөсө, «иши кылса жолугуптур, акча бериптир, кылмышка барыптыр» деген эле таасир калтырды баардыгында. Анан дагы психологияда «эффект скрытой камеры» деген түшүнүк бар. Сиз кандай кырдаал болбосун бир ситуацияны, мисалы, өзүңүздүн апаңыз менен жөн эле сүйлөшүп отурганыңызды жашыруун камера менен тартып, аны кайра көргөндө, ал бир тымызын, бир туура эмес иш болуп аткандай көрүнөт. Так эле ушундай эффект бул жерде дагы болду. Мен бир жолу көрдүм, анан «аа, атаңдын көрү, кичине этият болсо болмок Канат Кедейканович, туура эмес кылыптыр» деп ойлоп койдум дагы, жатып алдым. Бирок эртеси жанагы «эмнеге булар орусчасын беришкен жок» деген ой менен кайра карап чыктым. Канат Исаев катышкан бир эле видео бар. Ал ошол 28-сентябрь күнү жанагы провокатор менен түштөн кийин кафеде, андан кийин кечинде офисте жолуккандары тартылган. Ал күндү, саатты биз каяктан билебиз? Анткени, бул көк мээлер өздөрү уюштурган провокация, бандиттердин аты менен «постановасын» дагы жакшы уюштура албай, жанагы видеодон алдыңкы сол бурчтагы саат убактысын өчүрүшкөн эмес. Эми ошол эле саат убактысын байкап турсаңыз, ал алмашып турат. Кафеде саламдашып отурушту столго саат 16:07де, ошол эле замат ал пленка 16:13кө которулуп калып атат. Алты мүнөттүк запись жок. Өзгөчө бул офисте отурган жерде байкалат. Офиске кирип келер менен эле запись 20:42:43 үзүлөт, анан кайра 20:45:06 башталат, кайра 20:45:36 токтотулат 20:46:38ге чейин, анан кайра 16 секунд жоголот 20:47:12ден 20:47:28ге чейин. Ушул бүт монтажды жанагы таймкод менен көрсөңөр болот.

– Сиз айтып чыккандан кийин кечээ күнү НТС телеканалы дагы анализ кылды. Чын эле видеолор толугу менен монтаждалганын элдин баардыгы көрсө болот. Бирок, Канат Исаев өзү акча таратып жатпайбы, аны кантип түшүндүрөсүз?

– Эми акча маселесине келе турган болсок, азыр айтыңызчы, саясатчы эле эмес, жөн эле саясаттан офисинде акча таратылбай элеби? Шакылдап эле таратылып атат го. Бул эмне жаңылыкпы? Канат Исаев албетте, Чүйдүн эң көрүнүктүү саясатчысы катары азыр активдүү жолугушууларды уюштуруп аткан учуру эле. Ар бир митингге он миңдеген катышуучуну айылдардан чогултуп алып келиш керек. Бул өтө чоң маселе. Шайлоого чейин агитаторлор, шайлоо күнү байкоочулар… Мунун баардыгы чоң акчаны талап кылат. Андан тышкары, эми сөздүн ачыгы, тээтиги он жыл мурун Улуу Октябрь революциясына чейин курулган «изба-читальняны Токмок мэри болуп жүргөн кезде сатып ийгенсиң» деген соту жүрүп аткан учуру болчу. Эми бүт эле соттолуп аткандар жанагы активисттерди өздөрүнө тартып, аларды уюштурганга аракеттенишет да. Мунун эмнеси кылмыш? Бул саясый уюштуруу иштери. Политологияда муну мобилизация деген эле термин менен аташат. Буга эми «сен төңкөрүш кылууну, күч менен бийлик басып алууну уюштурууга аракет кылдың» деп атышат. Президенттик шайлоого эки жума калганда «күч менен басып алуу» деген жалаа менен бардыгыбызга, жалпы кыргыз элине каршы иш козгогула анда. Бийликтин бирден бир булагы бул биз – Кыргызстан эли! Азыркы учурда «басып алуу» эмес «күч менен бийликти кармап туруу» деген ошол эле 295-статья менен так ошол бийликтегилерге каршы кылмыш ишин козгош керек. Булар азыр баардык бийликти, криминалды, акчаны, КТРКны, фейктерди пайдаланып, иши кылса, эмне болсо дагы, элдин добушун тааныбай, шайлоону өздөрүнүн пайдасына бурмалоону максат кылышты. Кайдагы басып алуу? Так ошол «кармап туруу» деген статья актуалдуу азыр!

– «Бийликти кармап туруу» деп калдыңыз. Анын ичинде жанагы вице-премьер Зилалиевдин Баткенде сүйлөгөн чатак сөзү болуш керек. Ага прокуратура иш козгогондон баш тартпадыбы…

– Юракадемиянын катардагы жаш окутуучусуна каршы иш козгоп, ал эми вице-премьерге сөгүш гана жарыялаган бийликтин эки жүздүүлүгүн байка! Бул өтө оор статьялар менен жоопкерчиликке тартылышы керек эле. Анткени эбегейсиз бийликке жана элдин ишенимине ээ болуп туруп, так ошол «таза шайлоо өткөзүү» боюнча өкмөттүк штабды жетектеген адам өзү гана кылмышка барбастан, колунда иштеген, өзү айтмакчы, «кудугунан суу ичкендерди» коркутуп, кылмышка барууга мажбурлаганы – мындан өткөн конституциялык түзүмгө каршы кылмыш жок. Жакында Кореяда 12 жылга атайын кызматтардын жетекчиси кесилип кетти, анын күнөөсү – интернетте бир талапкердин пайдасына кызматкерлерине комменттерди жаздырыптыр. Буларың болсо түздөн-түз бурмалаганга кийлигишип жатьппат.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: