Menu

Азиз Батыров мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлөбү?

Бөлүшүү:

Өзбек жана түрк улутунун ортосунан чыккан таланттуу жигит Азиз Батыров кыргыздын улуттук аспабы болгон комузда кол ойнотуп, кыргызча түш жооруп эле тим болбостон терме, дастандарына чейин ырдап, элдин купулуна толуп келет. Кыргыз тилин кыргыздын айрым уул-кыздары чанып, бири батышты, бири чыгышты карап турган чакта минтип башка улуттан чыккан азаматтар кыргыздын атын даңазалап турганы ич жылытаарлык саамалык. Мына ушул жигит тууралуу бир жумадан бери интернет айдыңында катуу талаш-тартыштар жүрүп жаткан кез.

Талаштын башы фейсбук колдонуучусу Бектенаалы Абдырахаманов аттуу жигит Азиз тууралуу жылуу пикирин жазып, анын күжүрмөн эмгеги, улуту бөлөк болсо да кыргыз маданиятына кошкон салымы үчүн мамлекеттик сыйлыкка көрсөтпөйлүбү деген чакырыгынан улам башталган. Эмесе анын жазган пикирин өзгөртүүсүз бермекчибиз.Бектенаалы Абдырахаманов: “Азиз кызматым кыргыз калкым үчүн, ырларым кыргыз элиме” деген түшүнүк менен жашайт!” “Бул жигит – Азиз Батыров! Ырчы, комузчу, комуздан сабак берчү мугалим! Чыныгы патриот, мекенин сүйгөн инсан деп айтаар элем! Өзү өзбек улутундагы жигит. Дайыма кызматым кыргыз калкым үчүн, ырларым кыргыз элиме деген түшүнүк менен жашайт! Өлкөбүздүн атын эчен өлкөлөрдө башына калпак кийип, комузда обон созуп даңазалаган! Мына ушундай адамдар элди бириктирет! Ал эми тиги Бабановбу, башкасыбы иши кылса кайсы саясатчы болбосун добуш алуу үчүн эмнелерди гана кылбайт! Элди бөлгөн да, жарган да ошол саясатчылар! Саясатчыларга келгенде эле элибиз бөлүнө калат. Ал эми маданият, спорт, илим-билим адамдары бүтүн өлкөнү биримдикте кармап тургандар! Азиз Батыровдой уулду өстүрүп, тарбиялаган энесине таазим! Ылайым узак өмүр сүрүп, кыргыз элинин сыйына бөлөнүп жашасын! Келгиле уул-энени бир сыйлыкка көрсөтпөйлүбү? Аау чоңдор, бери карап койгула! Чыгармачылыгы үчүн, өлкөнү чет жакка даңазалап жүргөнү үчүн жана энесине ушундай уулду өстүргөнүнө мамлекеттик бир сыйлык берилсе өтө адилеттүү болмок! Бар болсун эл биримдиги үчүн кызмат кылган азаматтар!”Бул пикирди окуган интернет колдонуучулары кызуу талкууга алышып, бири жакында эле өзбек президентинин колунан үй, унаа алган Идирис Айтбаевди мисал кылып: “Өзбек президенти деле кыргыз төкмөгө үй бербедиби, биздикилер деле Азизди кыргыз деп күйүп жүргөнү үчүн сыйлыкка берип койсо болмок”, – десе, экинчилери: “Жаш туруп сыйлыктын эмне кереги бар”, – дешип катуу талашып тартышып жаткан учурлары. Мындан улам Азиздин өзү менен түз байланыштык.

– Азиз, сен жөнүндө талкуу жүрүп жатканынан байланышып калдык. Сыйлыкка көрсөтүү боюнча өзүңдүн жеке оюң кандай?

– Мен чынын айтсам бул жарыяны өзүм окуп алып таң калдым. Бир чети ыраазы болдум албетте. Бул пикир жарыялангандан кийин жеке баракчама кат аркылуу кайрылып: “Сен эмне кыйын болуп кеттиң беле?” , – дегендер да, куттуктагандар да болууда. Мен өзүм атайын ушундай пост жазып койчу деп эч кимден суранган жокмун. Ушунча жылдан бери комузумду колумдан түшүрбөй ырдап келсем да кыргыз тилин жакшы билем мага сыйлык бергиле деп Кыргыз тил комиссиясына деле, Маданият министрлигине деле, айтор эч жакка барган эмесмин. Мени көз жаздымда калтырбай баамдап жаткандыктары үчүн күйөрмандарыма ыраазымын. Мен үчүн мамлекеттик сыйлыктан мурда элимдин сый-урматы ар дайым өйдө турат.

– Сен ошол сен тууралуу жазып чыккан жигитти таанычу белең?

– Ооба, студент кезде жакшы сүйлөшүп, катышып жүргөн жигит. Бирок мен тууралуу мындай пикир калтырып, коомчулукка чакырык таштаганы мен үчүн күтүлбөгөн окуя болду.

– Негизи сыйлык алууга жаштык кылбаймынбы деген ой келген жокпу?

– Мен эч качан сыйлыкка жанталашып көргөн жан эмесмин. Жашпыз, бардыгы алдыда. Эгер талантымды кимдир бирөөлөр баалап, кандайдыр бир сыйлыкка көрсөтүлүп калсам, мага беришсе албетте кубанычта болом. Бирок өзүм эч качан артынан куугандардан эмесмин.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: