“Эч качан Текебаевди чөгөлөтө албайт. Эч качан Алманбетти чөгөлөтө албайт. Эч качан Бектурду чөгөлөтө албайт. Мына, Бектур да баатыр жигит. Дүйшөн Чотоновду да чөгөлөтө албайт. Чотонов да жакшы жигит. Мына ушулардын баары Атамбаевди Түркиядан алып келгенге жардам берген. Баарыбыз Аксыда да бир турганбыз. Атамбаев биздин артыбыз менен киши болгон. Биздин аркабыз менен болгон!”, – деп билдирди экс-Акыйкатчы Турсунбек Акун кечээ, 27-февралда “Ала-Тоо” аянтында камаккка алынган депутат Өмүрбек Текебаевдин боштондугун талап кылган митингде.
“Атамбаевдин эмне кылгандарын, баарын элдер билет! Ошону Текебаев менен Бекназаровдор айтпай жүрөт. Кандай акыбалга келгенин, Аксыда, Базар-Коргондо кимдин үйүндө жатканын, таң аткыча эмне кылып чыкканын, ошонун баарын биз айта элекпиз! Айтылат ошонун баары. Бүт баарын айтабыз. Мына, мен баардыгын билем. Бирок, азырынча айтпай жатам. Мен ажымын, кыргыз элинде тескери бата деген, каргыш деген бар. Турсунбек ажыга, мага жамандык кылгандын баары кырсыктайт да. Ажыга барып намаз окуган адам кыргыз элинин атынан тескери бата берип коюшубуз мүмкүн. Алмаз Шаршенович, тескери бата алып калбаңыз! Үч күн күтөбүз, андан кийин мен өмүрүмдү да сайып коюшум мүмкүн, ачарчылыкка өмүр бою олтуруп коюшум мүмкүн. Тескери бата алып, каргышга калып калба! Текебаевди камаганың өзүңдү камаганың! Текебаевди сабаганың өзүңдү сабаганың!”, – деди Турсунбек Акун.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ