Menu

Видео – Тажикстанда абакта жаткан генерал ачкачылык жарыялады

Бөлүшүү:

Кезинде Тажикстандагы таасирдүү генералдардын бири болгон Гаффор Мирзоев ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу анын эжеси Оиша Мирзоева иниси кармалып турган абактын жетекчилигине таянып билдирди. Мирзоев аскердик козголоң уюштурууга аракет кылган деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

Оиша Мирзоеванын айтымында, иниси 22-июлда эле ачкачылык жарыялаган. Мурдагы генерал бийлик анын ишин кайра карап чыгуу өтүнүчүнө көңүл бурбай жаткандыгына нааразылыгын билдирүүдө. Учурда ал камерада жалгыз кармалууда.

Мирзоева иштин кайрадан каралышы боюнча инисинин өтүнүчү президенттин администрациясы менен мамлекеттик түзүмдөргө жетпей жатат деп эсептейт.

«Ал мамлекеттин тарапташы, бирок ишинин мыйзамдын негизинде кайрадан каралышын суранууда. Иним мындай сунуш менен бир канча жолу парламентке, Конституциялык сотко жана башка сот баскычтарына кайрылган. Бирок ал өзү өтүнүчтөрү түрмөдөн чыгарылбай жатканын билдирүүдө», — деди Оиша Мирзоева.

https://www.youtube.com/watch?v=fBiSj36822E&feature=youtu.be

Гаффор Мирзоев Тажикстандагы жарандык согуш маалында учурдагы өлкө жетекчилерин бийликке алып келген Элдик фронттун таасирдүү талаа командирлеринин бири болгон. Согуш аяктагандан кийин ал Улуттук гвардия менен Баңгизатын көзмөлдөө агенттигин жетектеп, Тажикстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти кызматын аркалаган. Мурдагы генерал 2004-жылы августта камалган. Эки жылдан кийин өлкөнүн Аскер прокуратурасы ал 112 кылмыш кылганын билдирген. Алардын негизинде ал терроризм, диверсия, адам өлтүрүүлөрдү уюштуруу, аскердик козголоң жасоого аракет кылуу жана мыйзамсыз курал сактоо беренелери боюнча айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: