Президенттик кызматка талапкерлердин алгачкы тобу кыргыз тилинен экзамен тапшырышты. Атап айтканда, кыргыз тилинен тест тапшырган Темир Сариев 81,8 балл алды. Ал тестти белгиленген убакыттан эрте тапшырып, сынактан өттү деп табылды. Ал эми Назарбек Нышанов 74,15 балл топтой алса, Арстанбек Алай 61,2 балл менен араң дегенде 60 баллдык белгиленген босогону багынтты. Бүгүн экзаменди Рита Карасартова, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов жана Камила Шаршекеева тапшырат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ