Menu

Элдик табып Хашим Зайналиев үй-бүлөсү менен Оманга көчүп кетти

Бөлүшүү:

Кыргызстандын асманын кара туман каптап, жумалап нөшөрлөгөн жамгыр тынбай жаап, табият ыйлап жаткан бул күндөрү “Манас” аэропортунан башына ак калпагын кийип, наристелерин колунан жетелеп, пайгамбар жашына жакындап калган бир уулу “Кош Ала-Тоо, уулуң кетти…”,- деп чыгып кетти. Ал жөнөкөй адам эмес эле, врачтар “адам болбойт…”,-деп карабай койгон же акчасы жок үчүн ажалдын оозуна кептелгендерди “кайра тирилтип”, экинчи өмүр берген элдик табып Хашим Зайналиев. Мындай маалыматты уккан анын колунан айыккандар, дарыланып жаткандар жана жөн эле адамкерчилиги барлар көзүнө жаш алып ыйлап-сыктап, бата берип узатышты.

Бул тууралуу өзүнө инсульттан кийин экинчи өмүр тартуулап, сакайтып берген белгилүү журналист Бейшенбек Бекешев коомчулукка жарыялап төмөндөгүдөй каңырыгы түтөгөн сөздөрдү жазды: “Дары чөптөрүн ончакты мүшөккө солоп алып кетти Хашим табып чет өлкөгө. Мамлекеттик машина чеңгелдеп кысып, анын ишмердигине биротоло тыюу салып, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз кылды. Бу дүйнөдөгү акыркы шыпааны Хашимден издеп келген бейтаптары калды ыйлап-сыктап. Алы, мүмкүнчүлүгү жеткени артыңан барабыз дешти. Калганы турду ичтен түтөп. Алардыкындай аргасыздыктын күйүтүн Жараткан Кудай эч кимге бербесин! Эми Жараткан Кудай Хашим аркылуу берчү шыпаасын кыргыздарга эмес, башка элдерге бере баштайт. Барсын, шордуу досум аябай эзилди, балким бак ага ошол жактан айтаар…”.

Ооба, Хашим табып тууралуу коомчулукта эки ача пикир бар. Бирөөлөр аны элдик шыпаагер дешсе, башкалары “диплому жок, лицензиясыз иш жүргүзөт…”,-деген айыптарды тагып келишет. Жөн эле ушул айыптарды такпастан, айрым кесиптештерибиз үстөккө-босток жазып, көрсөтүп, укук коргоо органдарынын да тынчын алып бүтүштү. Чындыгында бул алардын жөн гана сенсация жаратуу, трайбалисттик көз карашы болуп саналат. Эгер ал журналисттер чындап эле элге, сыркоолорго күйүп-жанса, анда медицина тармагындагы толгон-токой көйгөйлөр менен коррупцияны, дары бизнесин жазышмак да.

Бирок жогоруда айтылгандай, Хашим табыпка врачтар карабай калган, өлүм менен өмүрдүн ортосунда калгандар кайрылгандыктан, 1-2сү жарык дүйнө менен коштошуп кеткендиги да чындык. Анткени Хашим табып жомоктогудай өлгөндү тирилткен сыйкырчы эмес да.

Биздин билишибизче, X. Зайналиевге Оман мамлекети дарыгерлик ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат бериптир. Айтор кыргыз эли сыйлабаган, бийлиги ур-тепкиге алган уулун чет элдин бийлиги баалаптыр…

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: