Menu

Арстан Алай коомду бөлүп-жаргандыгы үчүн жазасын алабы?

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө коомчулукта Арстан Алайга карата “Кудай болом” дегени үчүн кылмыш иши козголгондугу айтылып жатат. Бул теманы өзөк кылып кайра эле анын тарапташтары алып чыгып, ызы-чуу чыгарууга белсенүудө.

А чындыгында, Арстан Алайга башка диндерге асылгандыгы, улут аралык, дин аралык касташууга чакырыктары үчүн айып тагылууда. Дал ушундай тейде коомду бөлүп-жарып жатканыдыгынан улам анын акыл-эси ордундабы жокпу текшерилиш керек, ошондой эле ага укуктук баа берилүүгө тийиш. Анын чагымчылдыгын “Фейсбукта” Канат Мидин уулу туура жазыптыр, анын пикирин окурманга тартуу кылабыз:

– “Зима не будет” менен таанымал болгон Арстанбек Абдылдаевге козголгон кылмыш иши тууралуу акыр аягына чейин жазууну каалабадым. Эмнеге жазгым келбеди? Мен учүн ден соолугунан жабыр тартып, акылы кирди-чыкты болгон киши менен эмнегидир талкуулап, пикир билдирүү мааниге ээ эмес.

Бирок бул жерде билимдүү жана мен сыйлаган адамдар (юристтер, укук коргоочулар ж.б.) бул кишини коргоого алып, маселени башка жакка жетелеп, айрым учурда саясий боек берүүгө өтүштү. Кээ бирлери муну сөз эркиндигине, эркин дин ишенимине басым, ал турмак башкаларга эскертүү катары кабыл алышты.

Алардын аргументи эмнеде, алар келтирген жүйөөдө, өзү айткандай, Арстан Алай, а паспортунда менимче Абдылдаев болсо керек – ал өзүн персоналдаштырылган Кудай деген эмес, анын айтканы болгону авраам ишенимдегилер (Иудаизм, Христианство, Ислам) түшүнгөн бирдиктүү негиз, кайсы бир бирдиктүү руханий же энергетикалык субстанция жана анын түшүнүгүндө так ушул Кудай жана ал анын дене түзүлүшү имиш. Кээ бир динде Кудайды ушундай деп таанышат, бул жерде кандай маселе бар деген суроо да коюшкан алар. Мындай түшүнүктө дээрлик бардык адамдар бул бирдиктүү субстанциянын бөлүгү, динге берилгендердин ишенимдерин ким мазактап жана диндер аралык келишпестикти ким жаратып жатат? Мунун баары эркиндикке, анын катарында диний ишенимдин эркин болушуна басым болуп жатпайбы дешти алар.

Эмнеге алардын аргументтери ылайыксыз, ал анткени өзүнүн ишенимдери жөнүндө жөн гана айтып койгон жок, ал бүт өлкөгө телеканал аркылуу үзгүлтүксүз чыгып, өлкөнүн 80 пайыз калкы ишенген Кудай карыганын, ал эми өзү жаңы чечим экенин, жердеги баары сыйынып, ишенген Кудайды алмаштыруучу экенин айтты. Ошондой эле анын пикиринде мусулмандар жана алардын жол көрсөтүүчүлөрү болбогон кепти айтышат, ал көбүнчө шылдың менен коштолот, кыргыз улуттук окшоштугун кыргыз диний мусулман окшоштугуна каршы коюп жатат.

Эгер бул сиздер үчүн динге берилгендердин ишенимин шылдыңдоо болбосо жана диндер аралык ажырымды жаратпаса, анда мен сиздердин тунук акыл-эсиңер, калыстыгыңар кайда экенин билбейм.

Баса өзгөчө ал өзүн Иисуска иш жүзүндө теңөө менен христиандардын диний ишенимин мазактап жатпайбы, айрым христиандардын түшүнүгүндө так ошол ипостась, бирдиктүү Кудайдын денеси эмес беле.

Адамдын укугу экинчи адамдын укугу башталган жерден бүтөт, эркиндик бул – “баарын жасай берсе болот”- дегендик эмес, эркиндик бул кабыл алынган мыйзамдардын чегинде жана аларды бузуудагы жоопкерчиликти ала жүрүү болуп саналат.

Динге берилгендердин ишенимин ачык жана ырааттуу түрдө шылдыңдоо бул сөз эркиндиги эмес жана диний ишенимдин эркиндигине эч кандай байланышы жок. Адам мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылышы керек.

Мамкомиссия эчак эле, мыйзам бузулаары менен кишиге эскертүү бериши керек болчу. Анын тарапташтарынын саясий талап менен митингге чыгышын күтпөй эле.

Р.S. Биздин коомчулукта кандай болбосун сабырдуулук бар, андыктан кандайдыр бир кагылышуусуз баары жайына келди деш керекпи…

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: