Menu

ТИМ: ЕБ-БА форматында видеоконференцбайланыш болду

Бөлүшүү:

12-июнда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жана Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү/Европа комиссиясынын Вице-төрагасы Ж.Боррелдин деңгээлинде ЕБ-БА форматында видеоконференцбайланыш болуп өттү. Анын жүрүшүндө тараптар ЕБ жана БА өлкөлөрүндө COVID-19 вирусу менен күрөшүүдө колдонулуп жаткан чаралар, ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттенүүнү арттыруу боюнча кенен пикир алмашышты.

ЕБнын БА боюнча жаңы Стратегиясын натыйжалуу ишке ашыруу максатында Министр Ч.Айдарбеков коронавирус менен күрөшүүнүн экономикалык кесепеттерин жоюу, чакан жана орто бизнести колдоо, сооданы илгерилетүү, жаңы шарттарда азык-түлүк коопсуздугун жана калкты социалдык колдоону камсыз кылуу, ошондой эле санариптик технологияларды илгерилетүү боюнча БА менен ЕБ өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүү маселелерин карап чыгууну сунуш кылды.

БА регионун Европа менен байланыштыруучу транспорттук коммуникацияларды өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бул контексттен алганда кыргыз тарабы Турцияга жана Европа өлкөлөрүнө чыгуучу Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Азербайжандын, Грузиянын аймагы боюнча өтүүчү жаңы транспорттук коридордун ачылышы тууралуу маалымдады.

Европа тарабы ЕБ-БА форматында бардык багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүнүн жана кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнө ар тараптан жардам берүүнү жана колдоо көрсөтүүнү жактай тургандыгын билдирди.

Министр ЕБнын ыкчам көңүл бургандыгы жана кризиске каршы күрөштө өзгөчө муктаждыкка 36 млн. евро өлчөмүндө кошумча колдоо көрсөтөрү тууралуу өзүнүн билдирүүсү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле бүгүнкү күндө ар кайсы өлкөлөрдөн, алардын ичинде, ЕБ жана БА өлкөлөрүнөн келип жаткан азык-түлүк, медициналык жабдыктар түрүндөгү гуманитардык жардамдар үчүн дагы ыраазычылык билдирилди.

Тараптар БАда жана Европада COVID-19дун жайылышына байланыштуу кырдаал турукташкандан кийин дароо ЕБ-БА Биринчи экономикалык форумун Бишкек шаарында уюштуруунун жана өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: