Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков КР жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июнда, Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу жеңил өнөр жайынын

кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Жүз миңдеген кызматкерлер эмгектенген жеңил өнөр жайы — өлкөбүздүн экономикасындагы бараандуу орунду ээлөө менен гана чектелбестен, абдан чоң социалдык мааниге ээ.

Ички рыноктогу туруктуу позициясы менен катар, бул тармагыбыз, сырткы рыноктордогу атаандаштыкты ийгиликтүү ишке ашырып, республиканын экспорттук потенциалын жогорулатып келет.

Мамлекет тарабынан салыктык жана ар кандай экспорттук жеңилдиктерди көрсөтүү аркылуу жеңил өнөр жайын өнүктүрүүгө активдүү түрткү берилүүдө.

Кеңири түрдөгү сапаттуу товарларды чыгаруу менен сиздер  өлкөбүздүн   социалдык — экономикалык өнүгүүсүнө татыктуу салым кошуп келесиздер.

Кыска мөөнөттө өндүрүштүн багытын өзгөртүп, жеке коргонуу каржаттарын чыгарууну камсыздаган ишканалардын жамааттарына ыраазылыгымды билдирем.

Жеңил өнөр жайынын бардык кызматкерлерине жана ардагерлерине ден соолук,  ийгиликтерди   каалайм!»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: