Menu

Гулзада Шаршеналиева, журналист: “Мен аялдык укугумду турсийимди чечип алып коргобойм”

Бөлүшүү:

Муж меня бил, душил, оскорблял и т.д. Кыргыз үй бүлөсүндө, эркектин колу тийген үй бүлөлөр көп эле. Мен, укугумду ажырашуу менен жана кайра турмуш курбоо чечимим менен коргодум. Зомбулукка каршымын  мен !!!

Улуттук жайларга турсийимди илгим келбейт. Чечинип алып, ары бери жүгүргүм келбейт. Анткени апам мага, аял киши “адыраңдабайт”, оокатына тың болот, ич кийимиңди атаң, иниң, балаң көрсө уят деп тарбиялаган. Далдоо жерге жай деп, үстүнөн гезит жаап анан кыпчытчубуз. Бул менин менталитетим. Укугумду, мыйзам менен, уяңдык айбатым менен коргойм.

Белгилүү дүйнөлүк шедеврлер менен жайылган турсийди маданият деп салыштырбагыла. Чыныгы исскустводо эмгек жана сезим болот. Турсийдеги абортко болгон укугум деген жазуунун исскуствого тиешеси жок. Келечек муундун табитин бузбагыла.

Дүйнөлүк сүрөтчүлөрдүн тарткан шедевр сүрөттөрүн чыгарып, менин көз карашымдагы адамдарды караңгы, акылы жок көргөзгүсү келгендерге арналат.

Улуттук өзөгүмдү сактап, барктап калуу укугумду тебелебешиңерди талап кылам. Аялдардын укугун коргоп, зордук зомбулукка каршы курөшүүнүн башка жолдору бар экендигин эсиңиздерге салам.

Гулзада Шаршеналиева, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: