Menu

Орусиядагы мекендештер: “Бизге Бокоевдей депутаттын кереги жок” – дешти

Бөлүшүү:

Ушул аптанын башында Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев Кыргызстан Бажы союзунан пайда көрбөй жатканын айтып, андан чыгуу демилгесин көтөргөн. Бир күн өтпөй Россияда жүргөн мекендештерибиз жооп кайтарып: «депутат Бокоев республикадагы бардык жарандарды эмес, досторун жана өзүн гана ойлоп жатат, анын билдирүүсү Россияда иштеген кыргыз жарандарынын кызыкчылыгына каршы келет.

Жеке саясий ичкүптүсүн айтардан алдын Россияда эмгектенген 900 миң кыргыздын кызыкчылыгын ойлосун. Бажы биримдиги Өзбекстан жана Тажикстандын жарандарына салыштырмалуу кыргызстандыктарга чоң укуктук шарт түздү. Биз Россияга визасыз кирип, каттоосу жок 30 күн жүрүп калдык. Азыр биз кесибибизге жараша Россиянын бардык аймагында иштеп, үй-бүлөбүз менен эмгек келишими бүткөнчө жашап калдык. Иштөө патентин өзбек жана тажик жарандары Москвадан 5000 рублга сатып алышууда. Биз Россиянын жараны катары салык төлөп, пенсиялык камсыздоо укугуна ээ болдук.

Биз Россия жарандарындай медициналык жардамды алып жатабыз. Биздин Россияда жашаган балдарыбыз бала бакчаларга барып, мектептерде окуп, Россиянын жарандарындай жүрүп калды. Өз укугубузду Россиянын жараны катары сотто, прокуратурада, ички иштер органында коргоп жатабыз. Бизге Бажы союзу чоң укук берди. Россия жетекчисине ыраазыбыз»-деген мекендештер Бокоев ушул укуктардан ажыраткысы келип жатканын айтып чыркырашкан. «Биз кайрадан миграциялык кызматтарда кезекке туруп, бир нече кагазды толтуруп, өзбек, тажиктер иштегендей тыйынга иштегенге макул бололубу?» деген суроо коюшуп, «Өлкөнүн экономикасына салым кошуп жаткан миллиондой жарандын укугун кесүүнү каалаган депутаттын бизге кереги жок. Биз ак эмгек менен таап, үй-бүлөбүзгө которгон акчага салык төлөнүп, бюджет толуп жатат, андан депутаттар айлык алышууда. Ошол Бокоевдин айлыгынын бир бөлүгүндө биздин таман акы, маңдай терибиз бар. Эгер Бокоевге ал орун жакпаса, башка иш тапсын, болбосо оозун жапсын» – дешкен.

Памир Манас

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: