Menu

ИИМдин Академиясынын курсанттары ант беришти

Бөлүшүү:

2017-жылдын 26-октябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясынын саптык аянтында биринчи курстун курсанттарынын ант берүүсү салтанаттуу түрдө өттү.
Бул күнү ИИМдин Академиясынын 124 курсанты Мекени алдында ыйык антын беришти. Бул туурасында ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы билдирет.

Салтанаттык иш-чараны Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков ачып, ант берген курсанттарды куттуктап: “Милиция кызматкеринин милдети элине татыктуу кызмат кылып жана алардын коопсуздугун камсыздоо. Силер Кыргызстандын келечегисиңер, Кыргызстандын бейпил келечеги силердин колуңарда!”,-деп баса белгиледи.

Ант берген курсанттарга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Генералдар клубунун төрагасы, милициянын генерал-майору С. Дубанаевдин, ИИМдин Академиясынын мурдагы жетекчилери, милициянын генерал-лейтенанты Б. Ишимов, милициянын генерал-майору Т. Асаналиев өзгөчө таасир берди. Алардын ар бир айткан таамай сөздөрү курсанттардын эсинде калаарына шек жок.

Эскерте кетсек, ИИМдин Академиясынын курсанттарынын жана студенттеринин жетишкендиктерин Кыргыз Республикасынын Президенти дагы баалап, грамота жана стипендия берген.

Ошондой эле, Академиянын кызматкерлеринин, курсанттарынын, студенттеринин жетишкендиктерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү көңүл бөлүп “Алкыш” жарыялашкан.

Бул күнү салтка айлангандай, ИИМдин генерал-майору Э.Алиев атындагы коомдук фонду тарабынан дагы курсанттарга, студенттерге стипендия жана баалуу белектер тапшырылды.

Салтанаттуу иш-чара офицерлердин жана курсанттардын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады. Ал эми ант берген курсанттардын ата-энелерине, дос-туугандарына ИИМдин Академиясынын жогорку курстагы курсанттары менен студенттери уюштурган концерттик программа тартууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: