Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында айылдык ишкерлерди колдоого багытталган жеңилдетилген насыялардын көлөмү жылдан жылга көбөйтүлөт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-августта, Ысык-Көл районунун Өрнөк айылындагы мөмө-жемиш багын көрүп чыкты. Бул жакта Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыясынын жардамы менен мөмө-жемиштерди өстүрүү үчүн тамчылатып сугаруу технологиясы киргизилген.

Бактын ээси Вадим Сергеев мурдагы белгилүү спортчу, дзюдо боюнча Дүйнөлүк мелдеште байгелүү орунду ээлеген. Ал өзүнүн ийгилик сырлары менен бөлүшүп, 30 гектар аймакта алча, шабдалы, өрүк өстүрүлөрүн маалымдады. Түшүм жыйноо убагында 100дөй адам жумуш менен камсыз болот.

Ишкер мындан сырткары, Бишкекке кайра иштетүүчү завод куруп, жакын жайгашкан айылдардагы фермерлерден 150 тоннага чейин кулпунай кабыл алат.

Заводдун продукциялары негизинен Россия жана Казакстандын рыногуна чыгарылууда, муну менен токтоп калбастан, ишкер дүйнөлүк рынокко — Европа жана АКШга чыгууга жол издөөдө. Азыр ал заводду дүйнөлүк стандартка ылайык, кайра жабдууга ниеттенүүдө.

Вадим Сергеев кыргыз продукциясынын чет өлкөдөгү ийгилигине ишенет. «Биздин продукция атаандаштыкка жөндөмдүү, ал абдан даамдуу жана экологиялык жактан таза», — деп эсептейт ишкер.

Президент Сооронбай Жээнбеков аны толук колдоп, жергиликтүү ишкердин шыктануусун жана эмгекчилдигин канааттануу менен белгиледи.

«Мурда сиз спорттун чемпиону болсоңуз, эми айыл чарбада ийгилик жаратып жатасыз», — деп белгилеп, жергиликтүү бийликти жана Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондусун жетекчилигин Вадим Сергеев сыяктуу ишкерлердин демилгелерин колдоого чакырды.

«Чакан жана орто бизнес ишкерлерине жеңилдетилген насыяларды ашыкча тоскоолдуксуз берүү зарыл, алар өздөрүнүн продукцияларын чет өлкөлөргө чыгарып жатышат, аны менен өлкөнүн экспорттук дараметин жогорулатып, аймактарда жумуш орундарын түзүүдө», — деп баса белгиледи ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын алкагында жер-жерлердеги айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн багытталган жеңилдетилген насыялардын көлөмү жылдан-жылга көбөйтүлөрүн өзгөчө белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: