Menu

Видео – СДПКчы депутат Төрөбай Зулпукаров спикер Чыныбай Турсунбеков менен мушташууга неге жулунду?

Бөлүшүү:

Кечээ, 16-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда депутаттар УКМКнын атамекенчилер Текебаев, Салянова жана Шыкмаматовдор 2012-жылы “Мегаком” мобилдик компаниясынын 51%ын коррупциялык жол менен сатып жиберүү аракетин жасашкан деген дооматын кечке талкуулашты.

Талкуу башталгандан тартып СДПКнын Кожобек Рыспаев, Рыскелди Момбеков, Төрөбай Зулпукаров, Мурадыл Мадеминов, Асел Кодуранова, Дастан Бекешев сыяктуу бир нече депутаттары талкууну токтотуп, жаап салуу аракетин көрүп жатышты. Анткени талкуу СДПКга жана Атамабаевге жагымсыз маанайда уланып кетти. СДПКчылар талкууну токтотуу боюнча сунуштарды киргизип, аны добушка коюуну талап кылып жатышты. Бирок, калыстык үчүн айтып коюш керек, спикер Чыныбай Турсунбеков жыйынды регламент менен алып барууга аракеттенип, жетелендиге кеткен жок. Буга ачуусу келген СДПКчы Иса Өмүркулов спикерге какшыктарды узата баштады. Ал эми Төрөбай Зулпукаров түз эле коркуттуга өттү.

“Сизди сыйлап койсо, жеңил сүйлөп койсо, урматтап койсо сиз көөп кетпеңиз! Микрофонду каалаган учурда өчүрсөңүз эле өзүңүздү хан сезип калдыңызбы? Андай болбойт! Андай болбойт! Анан мага процедурный сөздү бербей жатканыңыз – бул өзүм билемдик болуп эсептелет. Сиз эгерде 3 жолу регламентти буза турган болсоңуз биз Жогорку Кеңештин депутаттары аркылуу алып баруучуну алмаштырып койгонго укугубуз бар!” – деди Төрөбай Зулпукаров.

“Абдан жакшы пикир айттыңыз, уктум, ракмат! Эми 2-3 жыл вице-спикер болуп калсаңыз эле элге акыл үйрөтө бересизби? ” – деп жооп берди Чыныбай Турсунбеков.

Ушул сөздөн кийин Төрөбай Зулпукаров залдан спикер олтурган президиумду көздөй жулунуп жөнөдү. Ара жолдон аны президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев кармап калууга аракет кылды. Бирок жулунган Зулпукаров ага сөзбөй бербей түз эле спикерге жетип колун кезеп бакылдай баштады. Өз убагында жетип барган депутаттар Мурадыл Мадеминов, Жанар Акаев жана башкалар арачага түштү. Спикердин жан сакчысы жете келип, мушташ аракети тыйылды.

СДПКчылар эмнеге спикерди кызматтан кетиребиз деп кыйыта коркутуп, алтургай мушташуу аракетин көрүштү? Анткени алардын ою боюнча Чыныбай Турсунбеков СДПКнын көзөмөлүнөн чыгып, алардын талабы боюнча талкууну токтотуп коё алган жок. Ошондой эле спикер Өмүрбек Текебаевге жан тартып жатат деген да шек пайда болду.

Төрөбай Зулпукаров албетте мунун баарын Иса Өмүркуловдун ишарааты менен жасап жатты. Ал эми Иса  Өмүркулов Зулпукаровдун мушкерлик жайы бар экенин, алтургай бир кезде инструктор болуп иштегенин, азыр СДПК “бөрк ал десе баш алганга даярдыгын”  сезип жасап жатты.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео: НТС

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: