Menu

Өмүрбек Текебаев: “Мегаком” боюнча иште биринчи кезекте Алмаз Атамбаевди УКМК суракка алыш керек”

Бөлүшүү:

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевди “Альфа Телекомду” сатуунун айланасындагы маселеде суракка алууга үндөдү. Мындай пикирин ал Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Депутаттын кабарлашынча, “Мегакомдун” 51 пайызын улутташтырбоо тууралуу кепилдикти Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Владимир Путиндин алдында айткан. Өмүрбек Текебаев муну 2010-жылдан апрель окуясынан кийин маалымат каражаттарына чыккан кабарга шилтеме берип айтты.

– “Мегакомдун” толук улутташтырылбаганына Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Атамбаев жооп бериши керек. “Фергана.ру” сайтында жүрөт Атамбаев ошол маалда Путинге убада берген экен. Анда биз сатпайбыз, улутташтырбайбыз, орус тарап салык жана дивидентин төлөп турса болду деген экен. Ошол сайтка Фарид Ниязов да интервью берип “Мегакомдо” акционерлердин укугу корголушу керек деп айткан экен. Ошондуктан “Мегаком” боюнча иште биринчи кезекте Атамбаевди суракка алыш керек.

Дүйшөмбүдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети оппозициядагы “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү “Альфа Телекомдун” 50 пайыздык акциясын сатууну көздөгөн деген маалымат тараткан. Атайын кызмат муну Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтерге таянып билдирүүдө. Президент Алмазбек Атамбаев аны тезинен текшерип чыгууну тапшырган.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы тараткан документтердин көчүрмөлөрүндө “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовдун фамилиясы аталган. Депутаттар муну жасалма документтердин негизиндеги каралоо катары сыпаттоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: