Menu

Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынында ЕАЭБдин Бажы кодексинин долбоору жактырылды

Бөлүшүү:

Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары кечээ, 16-ноябрда, Москва шаарында, Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында ЕАЭБдин Бажы кодексинин долбоорун бекитти. Талкуу жүрүшүндө Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев белгилегендей, Бажы кодекси бирдиктүү бажылык жөнгө салууларды түзүүгө өбөлгө жана Биримдиктин курамындагы өлкөлөрдө ачык-айкын жана натыйжалуу иштөөгө жетишүүгө түрткү берүүгө тийиш. Документте дүйнөлүк мыкты практика ишкердиктин кызыкчылыктары эске алынган. Долбоорду дыкат талкуулоодон соң, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары Бажы кодексинин аталган долбоорун бекитти жана кошумча иштелип чыгып ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын кароосуна жана кол коюу үчүн жөнөтүлдү. Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында ошондой эле дары-дармек тармагындагы кайрылуу боюнча документке кол коюлду. Аталган документ ЕАЭБ алкагында бирдиктүү дары-дармек рыногун жөнгө салууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйыны Кыргыз Республикасынын Төрагалыгы астында Бишкек шаарында өтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: