2017-жылга карата ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү 2,9%дык деңгээлде болжолдонууда. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 17-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштоодо билдирди.
Болжолдонгон социалдык-экономикалык өнүгүүнү эске алуу менен 2017-жылдын республикалык бюджетинин долбоорунда кирешелер 126,8 млрд сомдун тегерегинде мерчемделет (ИДПга карата 25,7%), чыгашалар 150,1 млрд сомдун тегерегинде болжолдонууда (ИДПга карата 30,4%). Тартыштык 23,3 млрд сом, же ИДПнын 4,7%ын түзөт. Мында Мамлекеттик инвестициялар программасын эсепке албаганда тартыштык 5,5 млрд сом, же 1,1%ды түзөт.
Инфляция 5,6% деңгээлинде болжолдонууда. Өткөн жылдардай эле бюджеттин чоң бөлүгүн социалдык сектор ээлеп турат. Саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык коргоону каржылоонун көлөмү 2017-жылдын жалпы чыгашаларынын 50%га жакынын түзөт.
2017-жылдын бюджети коммерциялык банктардын пайыздык ставкаларын субсидиялаштыруу менен экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталган. Атап айтсак, айыл чарбасы боюнча долбоорлорго коммерциялык банктардагы пайыздык ставкаларды субсидиялаштырууга 700,0 млн сом каралган. Бул – айыл чарбасын жеңилдетилген каржылоо боюнча долбоорлорго карата алгачкы жолку ири суммадагы субсидия болуп саналат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ