Menu

Видео – Өмүрбек Бабанов: “Текебаев чоң саясатчы, бирок күнөөсү болбосо жөн эле күнөөлөй бербешибиз керек”

Бөлүшүү:

“2012-жылы мен премьер-министр болгом, “Мегаком” боюнча ошол эле Соутфилд компаниясы менен биз да кармашып келгенбиз. Жакшылап изилденсе мунун баары чыгат. Ошол кезде депутаттык комиссия да түзүлгөн. Анын ичинде бир нече депутаттар кызыкдар да болушкан. Мен керек болсо бул боюнча көрсөтмө бергенге даярмын”, – деп билдирди кечээ, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин отурумунда  “Белиз-гейт” жаңжалын талкуулоо учурунда “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов.

“Экинчиси, Абдил Кеңешович, сиз айтып жатасыз, документтерди расмий түрдө Белизден алдык деп,  кайсы расмий мамлекеттик мекемеден алдыңыздар?”- деп сурады Бабанов УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевден.

“Биз документти апостиль түрүндө…  Апостилде Белиздин Жогорку сотунун катчысы кол койгон”, – деп жооп берди Сегизбаев.

“Эми болсо элдин баарына биздин коллегалардын фамилиялары, аты айтылып жатат. Сиз ошолорду тактап туруп, бизге да айтпайсызбы, кимдин фамилиялары бар? Сиз борбордук трибунага чыктыңыз, кайсы депутаттардын канчалык энчиси бар, тактап айтпайсызбы?”- деп сурады Бабанов.

“Биз генпрокуратура менен бирдикте иликтөөнү бүтмөйүнчө бирөөлөрдүн атын атаганга укугум жок”, – деди Сегизбаев.

“Андай болсо мунун баарын телеканалдардан көрсөтпөш керек болчу. Азыр эми фамилиялар телеканалдардан, гезиттерден чыгып жатат. Сиз болсо президентке келип, ушул документтер келди деп бүт жоопкерчиликти моюнга алы туруп берип жатсаңыз, эми бул жерде фамилиялар айтылыш керек да”, – деди Бабанов.

“Азыр мен фамилия айтуудан алыс болоюн, айта албайбыз азырынча”, – деп жооп берди Сегизбаев.

“Мындай нерселер ачык-айкын болуш керек, антпесе эч кимге ишеним алып келбейт. Текебаев экөөбүздүн көз караштарыбыз ар башка болгону менен калыстык үчүн айтайын, ал киши чоң саясатчы, 20 жылдык тарыхы бар, 2010-жылдагы апрелде чоң салымы бар. Ошондуктан күнөөсү болсо жоопко тартылсын, бирок күнөөсү болбосо жөн эле күнөөлөй бербешибиз керек. Муну жакшылап изилдеш керек.

https://www.youtube.com/watch?v=ioRPD8-4tpg

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео: Санжар Калматай

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: