Menu

Тажикстанда Президент күнү белгиленүүдө

Бөлүшүү:

Тажикстандын майрам күндөрү тууралуу мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин өлкөдө 16-ноябрда алгачкы жолу Президенттин күнү белгиленет. Бийлик мындай жол менен Эмомали Рахмондун жеке өзүнүн эмес, өлкө президентинин аракеттерине баа берилерин билдирүүдө.

Бирок майрам үчүн тандалган күн учурдагы президент бийликке келген дата менен дал келет. 1992-жылдын 16-ноябрында Эмомали Рахмон (ал кезде Рахмонов) өлкөнүн Жогорку кеңешинин төрагасы, кийинчерээк президенти болуп шайланып, 24 жылдан бери Тажикстанды башкарып келет. Мындан улам өлкөнүн жашоочулары кеп дал учурдагы мамлекет башчысы тууралуу болуп жатат деп эсептешүүдө.

Аталган майрамга даярдык көрүүнүн алкагында Хатлон облусунун бийлиги мектеп окуучуларын Эмомали Рахмон билим алган Дангардагы №7 орто мектеп жана Сарбанд шаарындагы кесиптик-техникалык лицей менен тааныштыруу иш-чарасын өткөрөт. Ошондой эле «Президент балдардын көзү менен» деген аталыштагы сүрөт сынагын өткөрүү пландалууда.

Бийлик катардагы жарандын мамлекет башчысына чейин өсүп жеткен таң калыштуу ийгилигин үйрөнүү жаштар үчүн тарбиялык мааниге ээ болот деген ишенимде. Бирок сынчылар мындай иш-чаралар Эмомали Рахмондун бир адамга сыйынууну бекемдөө боюнча өнөктүгүнүн бир бөлүгү гана экенин айтышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: