Бүгүн, 15-ноябрда Твиттер социалдык тармагынын Муслим аттуу пайдалануучусу “Менин атым Муслим. Мен жакында Кыргызстандын президентин өлтүрөм. Алмазбек Атамбаев мени күтүп тур” деп коркуткан микроблог жазды.
Муслим аттуу пайдалануучу өзүнүн микроблогун жакында эле, 12-ноябрда ачкан экен. Ал буга чейин 9 твит жазган. Анын Твиттерде 13 туруктуу окурманы (фолловеры) жана ал өзү окуган 146 микроблоггер бар. Муслим өзүн Сирияда жашайм деп көрсөткөн.
Кыргызстандын атайын кызматтары Атамбаевди өлтүрөм деп коркуткан Муслим аттуу пайдалануучуну издөөгө киришкенин жарыялашкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ