Парламент депутаттары Исхак Масалиев менен Жанар Акаев ушундай сунуш киргизип жатышат. Алар муну менен шайлоо мыйзамына өгөртүү киргизүүнү көздөшүүдө. Бул тууралуу 11-ноябрда өткөн тегерек үстөлдө айтылды.
Авторлор добуш берүүдөгү преференциалдык системаны киргизүү керектигин белгилешти. Добуш берүү участкаларында жаранга эки тизме берилет, бири – партиялардын тизмеси, экинчиси – саясый партиядан чыккан талапкерлердин тизмеси. Көпчүлүк добуш алгандарга парламентке жол ачылат. Гендерлик, жаштар жана улуттук квоталар сакталып калат.
Жыйынтыгы чыгарылгандан кийин партиянын лидери тизмеге өзгөртүү киргизе албайт. Парламентарийлер президент кол койгон шайлоо мыйзамынын долбооруна өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылышууда. Дагы бир депутаттардын тобу 9 пайыздык босого жана күрөөгө коюлчу сумма жөнүндө өзгөртүү киргизип, профилдик комитет менен коомдук талкууга алып чыгышкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ