Menu

Ибраим Нуракун уулу, Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы: “Аксы окуясы менен “Белизгейт” КТРКнын аброюна көлөкө түшүрдү”

Бөлүшүү:

КТРК башчысын шайлооо кызык окуялар менен өтчүдөй болуп калды. «Чү» дегенде эле талапкерлердин документтерин караган байкоочу кеңеш жыйынында талаш-тартыштар орун алды. Жыйынтыгында, 22 талапкердин 19у тандалды, үчөө четтетилди. Ал эми коомчулукта эки талапкерге карата колдогон пикирлер арбып жатат. Алар Жогорку Кеңештин маалымат катчысы Ибраим Нуракун уулу жана КТРКнын учурунда жетектеп жаткан Илим Карыпбеков. «Байкоочу кеңеш кимисине басым коёт?» деген суроо коомчулукту кызыктырып жаткан учур.

– Ибраим мырза, Жогорку Кеңештин маалымат катчысы кызматына келгениңизден бери кандай өзгөрүү жасай алдыңыз?

– Бир топ өзгөрүү болду. Анын баарын мен жалгыз эмес, жамаат биргелешип ишке ашырдык. Биз биринчи кезекте Жогорку Кеңештеги ачык-айкындуулукка жеттик. Бул негизги көрсөткүч. Азыр Жогорку Кеңешти канча адам сындап жаткан болсо, ошолордун баары ачыктуулуктан деп ойлойм. Канчалык мекеме жабык болсо, ага сын да аз болот. Анткени, маалымат аз, сындаарга эч нерсе жок. Мен келгенден бери Жогорку Кеңештин жыйындарын түз көрсөткөнгө жетиштик. «Пирамида» телеканалы аркылуу, жакындан бери интернет-сайт, парламенттик радио, соцтармактар аркылуу түз эфирлерди көрсөтүп жатабыз. Ал жерде миңдеген адамдар Жогорку Кеңештин, депутаттардын ишине көңүл буруп, көбү сыңдап жатышат. «120 депутат көп, азайсын, кетсин, жарабайт булар» деп да айтышууда. Бирок, канчалык көп сын-пикирлерди айтышкан сайын, Жогорку Кеңештин маалыматтык саясатын жүргүзгөн кызмат катары ал нерсе биз үчүн жакшы. Себеби, Жогорку Кеңешке коомдун көңүлүн бурдуртуп жатабыз. Коом Жогорку Кеңештин жакшы болушуна өздөрүнүн сунуштары, сын-пикирлери менен себепчи болууда. Өзүңүздөр байкагандай, азыр депутаттар, аппарат жекчилер, бүт баары коомдун пикири менен эсептешип калды. Мына, мен келгенден бери ушуларга жетиштик.

– Демек, саясый салтка, мыйзамдарга карабай, койгон максаттарга жетсе болот экен да?..

– Албетте. Биз башында ачык-айкындуулукту баштаганда, «баарына ачык көрсөтө бергенден, терс пикирлер, жаман сөздөр тийет, сындар терс натыйжасын бериши да мүмкүн» деп эскерткендер да болгон. Ошого карабай ушул кадамды тандап алдык эле, азыр баары «жакшы турбайбы» деп түшүнүп калды. Жогорку Кеңеште азыр баарыбыз бири-бирибизди колдоп, бирдиктүү максат менен иштеп жатабыз.

– Ушундай жакшы иштерди жасап коюп «эми коомдук каналды жетектесем» деп чыгыныпсыз. Ал жакка баруу чечими эмнеден улам жаралды, кандай максатта аттандыңыз?

– КТРК – Кыргызстандагы эң ири медиа компания. Мындан ири, мындан чоң, таасирдүү да, эфири көп медиа жок. Жеке менчик компаниялардын баары КТРКнын арты менен өсүп-өнүгүп келатат десем да туура болот. Анткени, КТРКнын мектебинен чыккан адамдар башка телеканалдарды, гезит, сайттарды өнүктүрүшүүдө. Мындайча айтканда, КТРК жөн гана медиа компания эмес, көптөгөн журналисттер үчүн мектеп. КТРК кайсы жакка өзгөрсө, кандай малыматтык саясат жүргүзсө, өлкөнүн келечеги да ошого байланыштуу болот. КТРК – чынында эле элибиздин жашоо-турмушуна, Кыргызстандагы саясый абалдын өзгөрүшүнө, демократиянын өнүгүүсүнө ж.б. өнүгүүлөргө себепчи болгон негизги компания катары эсептейм. Ошондуктан, «КТРКны жетектейм, КТРКга иштейм, салым кошом» деген журналистгер менден башка да көп экенин көрүп жатасыздар. Көрдүңүздөр, 22 адам талапкерлигин койду. Бул деген кубана турган көрүнүш.

– Ал жакка барып, эмнени өзгөртөйүн дейсиз?

– КТРКга Илим Карыпбековдой менеджер жетекчи да керек болчу. Ал өзүнүн миссиясын аткарды. Имараттарды актап, сырдады, жаңы техникаларды алып келди, кызматкерлерге жакшы шарттарды түздү. Эми КТРКга журналист менеджер керек. Мындайча айтканда, редакторлук саясатты күчөтө турган адам зарыл. Ал ролго мен өзүмдү көрүп турам. Менин тажрыйбам жетиштүү, эл аралык медиа компанияда иштегем. Билимим терең, журналистиканын баардык мектептеринен өттүм, журналистика чөйрөсүндө мени жакшы таанышат. Мен КТРКнын редакторлук, журналистикалык, аналитикалык, изилдөөчү, иликтөөчү журналистика тарабын күчөтөм. Ошондо КТРК дагы бир тепкичке өсөт.

– «Карыпбековдун жетектөөсүндө КТРК өзүнүн кадыр-баркын түшүрүп алды» деген пикирлер арбын айтылып келет. Ошону кайра калыбына келтирүү, же көтөрүү үчүн кантиш керек?

– Мен талапкерликке аттангандагы кайрылуумда айттым. КТРК 60 жылдык тарыхында Кыргызстанга жалаң гана жакшылыктарды, эл агартуу, маданият тармагында чоң салым кошту. КТРКнын ар бир жетекчиси өз колунан келген салымын кошул кетти. Бири да начар болуп, профессионалдык жагынан КТРКны уятка калтырбаптыр. Бирок, мамлекеттик каналды уяткарган, аброюна көлөкө түшүргөн эки окуя болгон. 2002-жылдагы Аксы окуясы, анан 2016-жылдагы «Белизгейт» окуясы. «Белизгейт» – саясый оюн болгон. Бул эки окуя тең КТРКнын жетекчисине да, жамаатына да байланышы жок. Бул коомдук каналга сырттан таңууланган саясый өнөктүктөр болуп калды.

Бирок, жаман аты КТРКга калды. Ушундай учурда жетекчи чыга калып, кызматтан кетпесе да кечирим сурап койсо, анда эл ошол учурларда КТРКны кечирмек. Кечирим суралган жок. Ошондуктан, эң ири ушул эки окуя КТРКнын аброюна көлөкө түшүрүп койду. Мөөнөтү бүтүп бараткан башкы директордун кылган иштери да, эмгеги да көп. Балким анын кылган эмгегинин 90 пайызын «Белизгейт» жаап кеткендир. Эми ал үчүн өзү жооп берет да.

– Коомчулукта «КТРК бийликтин камчысын чаап, Акүйдүн көрсөтмөсү боюнча иштейт» деген сын-пикирлер бар. Мындан чыгууга мүмкүнбү?

– «КТРК бийликтин камчысын чабат, жогору жактын көрсөтмөсүн утат» деген сөздөр бир аз жаңылыш. Себеби, коомдук канал жөнүндө атайын мыйзам бар. Ошол мыйзам боюнча КТРК мамлекеттин маалыматтык саясатын жүргүзүүгө милдетгүү. КТРКдай бакыйган, мамлекет тарабынан каржыланган телеканал мамлекеттин маалыматтык коопсуздугун, кызыкчылыгын көздөбөсө, ким көздөйт? Башка менчик телеканалдар, же башка өлкөнүн телеканалдары коргобойт да. Албетте, КТРК президенттин, премьердин, Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн жана башка шаардык, жергиликтүү бийликтердин ишмердүүлүгүн коргошу керек. Ошол эле учурда элдин мүдөөсүн, көйгөйүн, жашоо-турмушун, пикирлерин да угуп, аларды бийликке жеткирген көпүрө милдетин аткарышы шарт. Мен жетекчи болсом, мурдагы эле иштер уланат, эл үнүн бийликке жеткирүүгө аракет кылам.

– Жетекчини байкоочу кеңеш тандайт. Шайлоо кандай өтөт деп ойлойсуз?

– Акыркы учурларда КТРКнын байкоочу кеңешине сындар, ар кандай ушак-айыңдар да көбөйүп кетти. «Баланча акча берип коюптур», «капчьпы калың талапкер баарын сатып алыптыр, кайра шайланат экен» деген сөздөр чыкты. Бирок, мен аларга ишенбейм. Себеби, байкоочу кеңеш эч жерден маяна албаган, жеке кызыкчылыгы жок орган. Алар мурда-кийин журналист болуп, маданият тармагында иштеген адамдар. Алардын ал жерде материалдык кызыкчылыгы жок. Алар дагы өздөрүнун аброюн сактап калыш үчүн татыктуу талапкерди шайлашат деп ишенем. Ошондой ишеним болгон үчүн өз талапкерлигимди койдум.

Маектешкен: Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: