Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик Бажы кызматынын 25 жылдык мааракеси Жалал -Абаддагы Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияда белгиленди. Салтанатка Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Айзат Раматиллаева катышып, куттуктоолорун айтты. Бул тууралу жеринде шаардык мэриянын юристи Чыңгыз Эшенкулов билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө бажы кызматкерлери өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүшүндө чоң салымын кошуп, мамлекеттер аралык өз ара алакалардын бекемделишине кызмат кылып келе жатышат.
-Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүдө бажы тармагынын салымы чоң. Сиздердин жумушуңуздар ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү иш, мына ошондуктан ар дайым жумушуңуздарда ийгиликтерди каалайбыз. Мындан ары да бул тармакта жакшы жетишкендиктерди багынтарыңыздарга ишенебиз, – деди А. Раматиллаева.
Иш-чаранын жүрүшүндө бажы кызматынын алдыңкыларына акчалай жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ