Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен Орусия президенти Владимир Путин Санкт-Петербургда жолуккандан кийин Байконур космодрому боюнча кызматташууну улантуу концепциясына кол коюлду.
Эки өлкө мындан тышкары Байконур шаарынын макамы жөнүндөгү келишимди өзгөртүү боюнча макулдашты.
Консепция 2050-жылга чейин эсептелген. Ага ылайык, тараптар жаңы космикалык долбоорлорду космодромдун инфраструктурасынын базасында жүзөгө ашырышат.
1995-жылы 23-декабрда кабыл алынган Байконур шаарынын макамы жөнүндөгү келишимди өзгөртүү менен калаада Казакстандын мамлекеттик органдарынын тизмеси кеңейет.
Орусия Байконурду 1994-жылы ижарага алып, 2050-жылга чейин пайдалануу боюнча Казакстан менен келишим түзгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ