Menu

Кубанычбек Исабеков, экс-вице-спикер: “Убактылуу өкмөттөгүлөрдүн баарысы “самозванецтер”, июнь окуясын да мына ушу­лар уюштурушкан”

Бөлүшүү:

Депутат, вице-спикерликти аркалап. учурда коомдук иштер менен алек болуп жүргөн, саясаттын аки-чүкүсүнөн бери билген Кубанычбек Исабеков менен маек курдук. Учурдагы болуп жаткан саясий кырдаалга көз чаптырдык.

-Кубанычбек мырза, кечээ жакында болуп өткөн референдум боюнча оюңуз кандай?

-Азыркы иштеп жаткан Конституциянын да көп кемчиликтери бар. 2010-жылы саясий экономикалык абал өтө оор болчу. Ошол себептүү шашылыш түрдө көп кемчиликтери менен кабыл алынып калган. Мисалы, коргоо кеңешин алалы. Мен аскер адамы катары айтканда коргоо кеңеши согуш убагында эле түзүлөт. Анан президент ошол коргоо кеңешине бардыгын чакырып алып, экономикалык маселелерди дагы карап жатпадыбы. Бул мыйзамсыз. Укугу жок болчу. Коргоо кеңешин Сталин Улуу Ата-Мекендик согуш учурунда түзгөн. Ал эми азыр коңшу мамлекеттердин баарында коопсуздук кеңеши деген бар. Анда бардык маселелерди караса болот. Бирок биздики Конституцияда коргоо кеңеши деп жазылып калган. Мына ушундай одоно кемчиликтер бар. Конституцияда депутаттар шайланат деп турат, тилекке каршы азыркы референдумга бул боюнча өзгөртүү кирбей калды. Партиялар шайланып анан анын тизмеси менен депу­таттар келип жатпайбы. Мына ушундай кемчиликтер бар бол­чу. Референдумда өткөрүлгөн Конституция да идеалдуу эмес. Президент бул Баш мыйзам эмдиги жылы күчүнө кирет деп жатат. Азыркы Конститу­цияда Президент ички сырткы саясатты алып барганга да укугу жок. Жаңысында да жок. Сырткы саясатты өкмөт алып барат. Бирок башка мамлекеттердин башчылары менен жолугушууларда келишимдерге кол коюлаарда президент барып жатат. Бул да туура эмес.

Ошол эле маалда өткөн Жогорку Кеңеш Конституцияга шайкеш келбеген мыйзамды кабыл алып, президентке укукту беришкен. Менин жеке оюм президент сырткы сая­сатты алып барыш керек. Эл шайлагандан кийин. Болбосо биздин президент Путин, Назарбаевдерден силер коё тургула мен өкмөттөн макулдук алайын демек беле? Премьер-министр да өзү жеке чечим кабыл ала албайт. Өкмөт де­ген коллегиалдуу орган болуп эсептелет. Өкмөт мүчөлөрүнүн жок дегенде жарымы чогулуш керек, ошонун ичинен жарымынан көбү макул болуш ке­рек. Анан Атамбаев өкмөттүн чогулушун күтүп отура албайт да. Конституцияда жазылып турат, Конституцияга шайкеш келбеген мыйзамдар иштебейт деп. Ошол эле маалда мурдагы Жогорку Кеңеш шайкеш келбеген мыйзамлы кабыл алып берип койгон. Ошентип, Атамбаев сырткы да, ички да саясатка кийлигишип жатат. Экономикалык, социалдык маселелерди, деги койчу бар­дык жагын карап жатпайбы. Азыркы Референдум аркылуу Конституциянын кээ бир пунктары туура. Бирок толук кандуу өзгөрүү кирген жок. Партиялар шайланат. Прези­дент сырткы саясатты карайт деген беренелер кирген жок. Кредит алуу маселесинде да Атамбаев кол коюп жатпайбы. Бул деген экономикалык маселе. Кыскасын айтканда жаңы Конституция боюнча деле шайкеш келбеген мыйзамдар иштей берет. Жанагы Азимжан Аскаров, Кумтөр боюнча маселени айтып жатышпайбы. Кумтөрдүн кенинин жарымынан көбү казылып кетти. Кумтөрдү Баш мыйзамга киргизгенден кийин Жер-Үйдү да, Андашты да, Токтогул, Күрп-Сай ГЭСтерин да киргизиш керек болчу. Бул жагы кандай болуп калат. Улам эле Баш мыйзамды өзгөртө беребизби. Баш мыйзам деген түбөлүк иштей турган болуш керек. Кумтөрдүн кени казылып бүткөндөн кийин кайра Конституциядан алып салыш керек болот. Бул дүйнө жүзү боюнча да туура эмес кон­сенсус болуп калды. 1993-жылдарда кабыл алынган мыйзам таасир бербеш керек. «Закон обратный силы не имеет» – деп турат. Мен юрист катары айтып жатам. Кумтөрдөн да чоң зыян келтирген Акаевдин убагындагы бийликти жоопко тартыш керек приватизация боюнча. Бүткүл мамлекеттик байлыктарды талап кетишкен. Булар Кумтөрдөн чоң зыян келтиришкен. Мамлекеттин түбөлүгүнө аябагандай чоң балта чабылган. Мына эми азыр өндүрүш жок итке мингендей болуп отурабыз. Приватизацияны да Конституцияга киргизиш керек болчу. Менчиктештирүү мыйзамсыз болгон деп туруп, кайра ревизия кылса, анан кай­ра мамлекеттин эсебинен кон­курс менен тендер өткөрүлүп сатылса анда азыр канчалаган миллиарддар пайда болот эле. Эми бул жагдай айрым адамдардан өч алууга алып келет. Мөөнөтү өтүп кетти деп бир топ саясатчылар жоопкерчиликтен бошоп кетишкен. Белковская, Бейшеналиева, Курманбек Осмонов. Эми эмки жылы жаны Баш мыйзам күчүнө кирсе декабрдан баштап кайра аларга иш козголот. Бир чети мамлеккетке, элге зыян кылгандар жоопко тартылышын мен да калаар элем. Бирок анын баары мыйзам чегинде болуш керек. Анан бирөөнөн өч алуу үчүн өзгөртүү кирги­зүү, андан кийин аны кайра өзгөртүп, кайра Референдум өткөрө бергенде мамлекетке да абдан чоң зыян келип жатат. Мисалы бир Референдум өтүш үчүн канча миллиондор кетти. Жанагы маркировка дегени да өчүп калат экен деп жатышат.

-Шайлоого бардыңызбы?

-Менин өзүмдүн жарандык милдетимди аткарып үй-бүлөм менен шайлоого катыштым.

-Референдумга макул дедиңизби?

-Ал менин ичимдеги сыр бойдон калсын. Ал эми шаардык кеңешке баягы эле эски партиялар келди. Элдин баарысы айтып жатат. Булардан элдин ишеничи кетти.

-Учурда Өмүрбек Текебаев кадрдын баары СДПКдан болду деп жатат. Президент болсо “эскилерден арылыш керек, жаңы жүздөрдү алып келип жатам” деди. Кимиси туура айтып жатат?

-Лениндин айткан сөзү бар, “Все положительного от старо­го брать, чтоб строит новую” деген. Эски кишилер кандай болгондо да тажрыйбасы бар да. Текебаевдин койгон маселесинде дагы чындык бар. Жогорку Кеңеште ошол эле А.Акаев, К.Бакиев, Р.Отунбаеванын убагында иштегендер эле иштеп жатат. Жаңылары болсо, билим деңгээли, түшүнүгү, иш тажрыйбасы жок адамдар келди. “Бул жаман, бул мындай кылган” -деп айткан менен элдин курсагы тойбойт. Азыркы депутаттардын ичинен канчасы тергөөдө. камакта жүрдү эле. Чынында эле “Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн” деген заман. Бардык бийлик Президент менен өзү жетектеген “СДПК’ партиясынын колуна түштү. Бул нерсени эч ким тана албайт. Күч түзүмдөрү, министрлер, губернаторлор баары СДПК партиясынын депутаттары. Мен Текебаевге дагы,           Атамбаевге да кошулбайм. Ошол эле Курманбек Бакиевди президенттикке мына ушулар өздөрү алып келишкен. Кийин айтып жүрүштү го “манты жеп жаткан жеринек алып келгенбиз” дешип. Кийин кайра эле өздөрү качырышпадыбы. Роза Отунбаева өзү чыггарып жиберген да Назарбаев. Путин менен сүйлөшүп. Ал эми жанагы Белоруссиядан кайрып бергиле деп суранып жатышкандары жөн эле шоу. Элди алаксытуу. Бакиевди чыгарып жиберишип буларың мародерчулук кылып жүрүшүптүр да.

-31-августта Атамбаев Роза Отунбаеваны мыйзамсыз шайланган президент дегендей кылбадыбы, буга кошуласызбы?

-2010-жылы 8-апрелде Роза Отунбаеванын колуна кагаз берип, өзү менен жолуккам. “Убактылуу өкмөткө келдиңер, мен арызымды жазып кеттим. Бирок, силер укуктук аянтка келишиңер керек. Мыйзам чегинде токтом, Указ чыгышы керек. Эртең эле “силерди ким шайлады эле” деп чыккандар болот. Депутаттарды чогултайын, атайын токтом чыгаралы” – деп түшүндүрүп айткам. Роза Исаковна “мен макулмун, башкалары макул болбой жатпайбы” деген эле. Азимбек Бекназаров менен Өмүрбек Текебаев саясий жол менен бараарын ай­тып туруп алышыптыр. Анан Ө.Текебаевдин өзүнө барып кайрылгам. Ал болсо “биз Ак-Жолдон” бата албайбыз” деген. Мына эми эмне болду? Текебаев өзү деле бир кезде Акаевдин “Алга Кыргызстанынан” бата алып келди эле го. “Ак-Жол” эле “Ак-Жол” – деп жатышып өздөрү эмнени кыйратышты? Убактылуу өкмөттү чукуган эч ким жок, өздөрүн өздөрү чукуп, элдин оозун ачып жатышат го. Ошентип Текебаев менен Бекназаров Отунбаева­ны мыйзамсыз жолго барууга аргасыз кылышкан. Атамбаевдин Отунбаеваны “самозванка” дегени мына ушундан улам келип чыгууда. Негизинен алып караганда Убактылуу өкмөттөгүлөрдүн баарысы “самозванецтер” десек болот. Булар мыйзамсыз келишкен. Кан төгүлүп кеткен үчүн эч ким унчукпай калбадыбы. Июнь окуясын да мына ушу­лар уюштурушкан. Эч кимиси жооп берген жок. Канчалаган кан төгүлдү, бей күнөө адамдар өлүп кетти булардын айынан. Ошондо да Кудайдан коркпой талап-тоноочулукка барып, өлкөнү башаламан кылышты. Эми эки-экиден чабышып жатышат. Уят жок буларда.

-Атамбаевди кекчил дешет. Бирок өзү журналисттерге берген маалымат жыйынында «мен кекчил эмесмин» деди…

– Анын кекчил эмесмин дегенине кошулбайм. Атамбаев менин досум да, душманым да эмес. Бирок мен канчадан бери жолуга албай келем. Жакшы сунуш-пикирлерим бар. Кат жүзүндө да жазып кайрылгам, ага да жооп болбоду. Негизи мамлекеттин өнүгүшү үчүн ар кандай сунуш-пикирлер менен, эл менен эсептешиш керек деп ойлойм. Атамбаевге айта турчу көп сөздөрүм бар. Ага жолуктурбай жатышат кошоматчылары. Анан азыр ким бийликке сын айтса эле анын артынан кылмыш ишин козгоп, куугунтукка алмай башталды. Элдин баарын камай албайт да. Эртең мага карата да бир нерсе ойлонуп чыгышса таң калбай эле койсоңор болот.

Булак: “Ачык саясат”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: