Menu

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: «Атамбаев Текебаевди мураскерликке даярдап жатабы деп ойлоп кетем»

Бөлүшүү:

— Токтайым эже, президенттик шайлоо башталайын дегенде сиз да саясатка кызуу киришип калчу элеңиз. Азыр дайыныңыз чыкпай кетти. Текебаевдин Конституциясын жокко чыгарам деп чуркап жүрдүңүз эле. Ал максатыңыз ишке ашып, чарчоо басты кылып жүрөсүзбү?

— Бүгүн саясий, экономикалык абал абдан оор болуп турат. Конституциялык реформа кылдык деп кээ бирлер кол чаап жыргап жатпайбы. Андай болгон соң аны ишке киргизүү механизмдери өзүнчө бир чоң мыйзамдар менен бекиш керек эле. Прокуратура ушул кезге чейин иликтөө маселесин кошо алып кетсе, азыркы мыйзамда жакшы нерселер калат болчу. Азыр болсо прокуратурада текшерүү просессин гана калтырды. Эми алар туура же туура эмес, мыйзамдуулугун жакты же жакпады деген гана жыйынтык чыгара алат. Прокуратура жасаган бир топ иштерди УКМК, Каржы полициясына өткөзүшүп берип жатат. Тескерисинче көп иштер ИИМге кетиш керек болчу. Тилеке каршы мөөнөттөр жазылып, аларга документтерди тапшыруу механизмдери жазылбай калды. Ошол себептен прокуратурага Кудай берди да, миңдеген иштерди бөлүп-бөлүп берип таштады. УКМКны алып карасак андай изилдөө иштерин жүргүзүүгө арналган группалары аз жана алардын тажрыйбасы башка жакка багытталган. Ал эми прокуратурада ар тараптуу текшерүүлөрдү жүрүзүүнү үйрөнгөндөр. Азыр эми баары чаржайыт болуп миңден ашкан иштер токтоп туруп калды. Прокуратура өздөрүнүн иштерин иликтеп бүтүп туруп, анан текшерилген жана жаңы иштерди ошол мекемелерге жөнөтүш керек болчу. Мурунку алгандарды өздөрү жыйынтыктап, чекит коюп, андан кийин өткөрүп бериш керек эле. Азыр мамлекетте укук талаасындагы абал абдан коркунучтуу абалга келип такалды. Ошону депутаттар карап туруп, бир жактуу системага салып чечип берип коюш керек болчу. Иштерди өткөрүп берүү Конституциялык мыйзам менен бекилет деп жыйынтык чыгарып коюш керек эле. Азыр түрмөдө канчалаган адамдар отурат. Алардын иликтөөдөгү иштеринин баары токтоп калат, өтүнүчтөрүн, кайрылууларын ким карайт? Бул жерде дагы мамлекеттин бюджетинен жети-сегиз ай ошол адамдарды кармап туруш керек. Мунун баары чыгаша эмей эмине? УКМК, Каржы полициясынын тергөөчүлөрүн чогултуп, чоң бир тергөө камитетин түзүп коюш керек эле. Ага көп деле каражат кетпейт. Азыр тергөөчүлөр РИИБдин начальнигине баш ийбейт. Алар өзүнчө башкармалык болуп калган. Мына мен Ленин РИИБнан жети айдан бери кат ала албай келем..

— Укук коргоо органдарынын иши ушундай чаржайыт болду, иш чатак жакка ооп баратат деп айтканы турасызбы?

— Булардын иши ушундай чаржайыт болуп улана бере турган болсо анда эе иштин чатак болгону ошол болот. Албетте мындай учурда кырдаалды өзүнүн кызыкчылыгы үчүн оппозиция колдонот. Нааразычылыктар көбөйөт. Мындай учур ар кандай оппозициялык топторго табылбай эле калат. Азыркы оппозицияда жүргөндөр бир кезде өздөрү бийликте турган адамдар болуп жатат. Алар эптеп укуктук жактан өздөрүн актап алгылары келгендер. Оппозиция болуп жүргөндөрдүн бир тобу бир кезде өздөрү адамдардын укугун тепсегендер.

— Текебаевге каршы сын айтып жүрдүңүз эле. Азыр Атамбаевге жан тартып, Текебаевдин чыныгы жүзүн ачса экен деп кол ушалап олтурасызбы?

— Мен бул экөөнүн тирешүүсүн өтө таң калуу менен карап жатам. Бул кандайдыр бир саясый оюнбу деп дагы ойлоп кетем. Кечээ Ташиев айткандай Атамбаев Текебаевди мураскерликке даярдап жатабы деп ойлоп кетем. Эгерде Текебаевди, ошол эле Салянованы мыйзамдуу талаада жоопко тартам десе абдан сонун түшүндүрмөлөр бар. Алсак алардан Конституциянын түп нускасы кайда деп эмне үчүн эч ким сурабайт? Эмне үчүн колуңузда жүргөн Конституциянын негизин прокуратурага өткөзүп берген жоксуз деш керек. Азыркы Конституциялык реформа Атамбаевдин кызыкчылыгы эмес, Текебаевдин кызыкчылыгы үчүн болуп калды. Текебаев башка топтор аркылуу Атамбаевдин амбициялары менен ойноп, анын тегерегинде жүргөн адамдар аркылуу жаңы Конституцияны сунуштап койду. Бул жерде Конституциянын негизин таппай, Конституциялык реформа жүргүзүүгө эч кимдин акысы жок болчу. Алмашылган Конституция өзгөргөн бойдон кала берет, он жолу реформа кылса дагы. Мына ушул багытта Текебаевди текшериш керек. Азыр текшере турган болсо жүз пайыз бүт далилдер бар. Конституциянын түп нускасы бизге сотко келген. Андан кийин архивге бербей койгондугу үчүн текшерүү жүргүзүш керек. Бирөөнүн паспорту алмашып калса 10–20 жылга чейин кесип жиберип жатышат. Конституция жоголуп жатса эмне үчүн текшерилбейт?

— Ушул күнгө чейин мародерлорду позициясы да, оппозициясы да издеп таппай келатышат. Сен мародер, мен мародер эмесмин дешип эки тарап бири-бирин күнөөлөшүүдө. Муну кандай түшүнсө болот?

Эгерда Атамбаевге Текебаевди, Салянованы каматыш кызык болсо, ошол эле мародерлук документтерди жана андан качууну, ошол жерде өлгөн адамдар эмнеден өлгөнүн иликтесе эле чыгат. Булардын ортосунда андай кызыкчылык жок. Экөөсүнүн ортосунда кандайдыр бир саясий оюн болуп жатат. Анын биринчиси эле Салянованы кара тизмеге киргизип, сурамжылоолорду жүргүзө баштады. Ал сөзсүз бийликти колдоп кетет. Андан кийин Текебаев өзү кошулат. Ага чейин Салянова калп эле кордолгон айым болуп рейтингин көтөрүш керек. Ал эми калгандардын баары оюнчук болуп жатышат. Эртең Текебаевди кошпой коё албайт. Анткени ага бир иш боюнча бир дагы иликтөө иш козголгон жок. Азыр менде Конституциянын өзгөрүшү боюнча Текебаевге иш козголсун деген документ жатат. Ал ушул кезге чейин козголмок тургай каралбай жатат. Бул тиреш ойлонуп табылган оюн. Эгер чындап эле Текебаевди сындыруу, камай турган кызыкчылык болсо козгой турчу иштер толтура.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: