Menu

Казакстан суу каптоо боюнча чыгымды төлөп берүүнү талап кылып, Өзбекстанга нота жөнөтөт

Бөлүшүү:

Түркстан облусундагы суу алдында калган Жанатурмыс айылы. 2-май, 2020-жыл.

Нур-Султан Сардоба суу сактагычындагы дамба жарылгандан кийин Казакстандын айылдарын суу каптап кеткендиги үчүн Өзбекстандан чыгымды кайтарууну талап кылат. Бул тууралуу Казакстандын экология, геология жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары Сергей Громов билдирди.

Анын айтымында, эл аралык нормаларга ылайык, чек ара боюнда гидротехникалык курулуш жүргүзө турган мамлекет коңшу өлкөлөр менен макулдашып, өз ара келишим түзүшү керек. Сардоба суу сактагычы Казакстандын макулдугусуз салынган.

– Биз менен макулдашылган эмес. Бүгүн нота даярдап, бардык сунуштарыбызды, тагыраак айтканда талаптарыбызды жазабыз. Биз талап кылганга укуктуубуз, биз жабыр тарткан тараптабыз , – деди Громов.

Нотада Нур-Султан суу сактагычты толугу менен калыбына келтирүүгө каршы экени да жазылат.

Казакстан суу каптоонун кесепетинен бир миллион долларга чукул зыян тартканын билдирүүдө.

Соңку маалыматтарга караганда, Сардобадагы суу өзбек-казак чек арасындагы Абай каналына дагы эле агып кирүүдө. Натыйжада эки өлкөдөгү калктуу конуштарды суу каптап жатат.

Өзбекстандын үч районундагы 22 конуштан 70 миң киши коопсуз жакка көчүрүлдү. 17300 адам жараат алып, 56сы ооруканага түштү. Казакстандын Түркстан облусундагы Мактарал районуна караштуу 13 кыштактан 31 миң киши эвакуацияланды.

2017-жылы курулуп бүткөн Сардоба суу сактагычынын дамбасы 1-майда таңга жуук жырылып кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: