Menu

Орусия менен Тажикстан ортосунда аба байланышы боюнча талаш жаралды

Бөлүшүү:

Орусиянын Транспорт министрлиги тажик тарапты орусиялык жүргүнчү ташуучу компанияларды кабыл алуудан баш тартууда деп айыптап, Тажикстан менен аба байланышын бир тараптуу негизде токтотушу мүмкүндүгүн эскертүүдө.

Тажикстандын Транспорт министрлигинин алдындагы Жарандык авиация башкармалыгынын башчысы Рахмон Юсуф Азимдин айтымында, Тажикстандын шаарларына Орусиянын «Жуковский» деген жаңы аба майданынан каттамдардын учурула башташы «тоскоол» болууда.

Анын маалыматы боюнча, учурда өлкөлөр ортосундагы каттамдардын көбү орусиялык авиакомпаниялар тарабынан аткарылууда жана Москва азырынча ошондой эле сандагы тажик жүргүнчү ташуучуларынын учуусуна уруксат бере элек. Азим Тажикстан менен Орусиянын ортосунда жарандык авиация тууралуу макулдашуу бар экенин жана сүйлөшүүлөр маалында тажик тарап жеке авиабазарын коргой турганын айтты.

Бирок Орусиянын Транспорт министрлиги «тажик тараптын орусиялык аба майдандын макамын аныктоо аракети Орусия бийлигинин суверинетин бузуп жатат» деп эсептөөдө. Мекеменин билдирүүсү боюнча, тажик тараптын Жуковский линиясындагы орусиялык жүргүнчү ташуучуларды кабыл алуудан баш тартышы аба байланышы тууралуу өкмөттөр аралык келишимди «түздөн-түз бузуп жатат».

Мекеме эгер тажик бийлигинин позициясы өзгөрбөсө өлкөлөр ортосундагы аба байланышы 8-ноябрдан тарта токтотулушу мүмкүндүгүн эскертүүдө.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: