Америкалык Pfizer компаниясы жана Германиянын BioNTech компаниясы тарабынан иштелип чыккан коронавируска каршы потенциалдуу вакцинаны сыноодо 90 пайыздан ашык эффективдүүлүгүн көрсөттү. Бул тууралуу өндүрүүчүлөргө шилтеме берүү менен Интерфакс билдирет.
Pfizer сайтында жарыяланган билдирүүдө, COVID-19 вакцинасынын клиникалык сыноолорунун үчүнчү фазасынын натыйжаларынын биринчи бөлүгүндө препарат коронавирусту жуктуруп алуунун алдын ала тургандыгы жөнүндө далилдер келтирилген.
Дональд Трамп буга чейин жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгына реакция жасап, аларды Твиттердеги микроблогунда “сонун жаңылык” деп атаган.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ