Бүгүн, 9-ноябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 571 учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 154, Ош шаарынан – 52, Чүй облусунан – 78, Ош облусунан – 86, Талас облусунан – 20, Ысык-Көл облусунан – 47, Жалал-Абад облусунан – 77, Баткен облусунан – 56, Нарын облусунан – 1 катталган. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 63 390 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 406 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 54 358ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 145, Ош шаарынан – 15, Чүй облусунан – 64, Ош облусунан – 34, Ысык-Көл облусунан – 21, Жалал-Абад облусунан – 58, Баткен облусунан – 66, Нарын облусунан – 3.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 5 адам: Талас облусунан – 3, Бишкек шаарынан – 1, Баткен облусунан – 1 каза болду. Жалпы саны 1182ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ