Menu

Россия бөлүп берген 10 миллион  доллар эмне максатта сарпталууда?

Бөлүшүү:

Кыргызстанда окуучуларды тамак менен камсыздоо долбоорунун алкагында, өлкөдө ысык тамак берген мектептердин саны көбөйүүдө. Азыркы убакта 145 миңге жакын башталгыч класстын окуучуларына күнүгө ысык тамак берилет.

“Россия менен 5 жылдык мөөнөткө түзүлгөн келишимдин негизинде, мектеп окуучуларына тамак берүү үчүн 10 млн$ суммадагы каражат бөлүнгөн . Бул акчага мектептерге муздаткычтар, электр плиталары, суу жылыткычтар, идиш жуучу машиналар, ысык тамак даярдоо үчүн керектелген бардык жабдыктар алынган”, -деп билдирди Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы.

Мектеп окуучуларына тамак берүү программасы 2013-жылдан бери Россиянын каржылоосу менен иштеп келет. Аталган программанын максаты Кыргызстандагы 2 200 мектептин окуучуларын тамак менен камсыздоо болуп эсептелет.

Кыргызчалаган: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: