Жаштар айрым саясатчылардын жалган сөздөрүнө ишенип, митингдерге чыгып, курал болбосун. Бул тууралуу Бакыт Төрөбаев бүгүн, 2-июлда парламентте жаштар менен болгон жолугушуу учурунда билдирди. Эл өкүлү азыркы кезде өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу митингдерге жаштарды тартуу аракети кызуу жүрүп жатканын, бирок, жаштар алардын чагымчылдык, жалган маалыматтарына, убадаларына ишенбеши керектигин белгиледи. Анткени, патриотизм идеясы көчөгө чыгуу, кыйкыруу, провокация кылуу менен ишке ашпай тургандыгын депутат баса белгиледи. “Силер терең билим алып, мекенди сүйүп, анын коопсуздугун башкы орунга коюп, мамлекетке салым кошкон адамдардан болгула. Кыргызстаныбызда ар дайым стабилдүүлүк орноп, маселени көчөгө чыгуу менен эмес, мыйзам чегинде чечкен өлкөлөрдөн бололу” – деди Төрөбаев.
https://www.youtube.com/watch?v=gtfeC7eJSG4
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ