Menu

Түлеев Атамбаевдин үйүнүн жанында митинг өткөрөт

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы окуяларга байланыштуу билдирүү таратып, аны “аймак аралык кастыкты козутуп жатат” деп айыптады.

Түлеев Атамбаевди мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыш үчүн штаб түзгөнүн жарыялап, буга саясий күчтөрдү кошулууга чакырды: “Бул штаб эч кандай саясий боёкко ээ эмес, эч бир тараптын кызыкчылыгын коргобойт. Биз Сооронбай Жээнбековдун бийлигин колдобойбуз жана Алмазбек Атамбаевге да каршы эмеспиз. Биз мыйзамдын духу жана тамгасы сакталышын гана каалайбыз, штабдын ишмердүүлүгү саясатташпайт жана мыйзамдуулукту сактоого гана багытталат. Атамбаевдин катачылыгын далилдеш үчүн штаб анын резиденциясына тынчтык жүрүшүн жасайт, аны мыйзам чегинде иш алып барууга чакырат. Биз колубузга Конституцияны жана кодекстерди гана кармап, анын тарапташтарын мыйзам чегинде аракет кылууга чакырабыз. Азыркы учурда аны эч ким чакырган жок, камоого аракет кылган жок, эгер керек болсо суракка алууну каалашса, ал тергөө органдарына башка жарандар сыяктуу эле келиши керек жана өз көрсөтмөлөрүн бериши керек. Биз Индияда эмеспиз жана ал ыйык уй эмес. Чоң масштабдагы саясатчы катары өзүн көрсөтүп келе жаткан киши баарыбызга үлгү болушу керек. Эгер ал күчүн көрсөткүсү келсе курал менен эмес, эрки менен көрсөтсүн. Ал өзүнүн эркин муштумдай түйүп коркпой барышы керек жана өзүнүн чындыгын далилдеши керек”.

Нариман Түлеев штаб “Мыйзамдуулукту жана туруктуулукту камсыздоо боюнча элдик штаб” деп аталаарын, жөө жүрүшү жакынкы күндөрү өтөрүн белгиледи. Ал жүрүштөн кийин Атамбаевдин үйүнүн жанында мөөнөтсүз митингдер да болорун кошумчалады.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: