Menu

Башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум үчүн бюллетендин тексти 30-декабрга чейин бекитилет

Бөлүшүү:

30-декабрга чейин Башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум үчүн бюллетендин тексти БШК тарабынан бекитилет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору кабыл алынып, кол коюлду. Ал күчүнө кирди жана БШК даярдыктарды көрө баштады.

“Бюллетенди 30-декабрга чейин бекитүүбүз керек. Суроолор демилгени иштеп чыгуучу тарабынан иштелип чыккан, андыктан маселени 20-декабрга чейин чечебиз. Календардык планды жана сметаны кийинки жумада кабыл алабыз. Ошондой эле оң жана терс топторду катташыбыз керек. Үгүт иштерин мыйзам күчүнө киргенден баштап баштаса болот”, – деди Кайрат Осмоналиев.

Ошондой эле, ал депутаттар жана аткаминерлер мыйзам чегинде үгүт иштерин жүргүзө албай тургандыгын эскертти.

Референдумга Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын тандоого байланыштуу маселе коюлат:

– президенттик республика,

– парламенттик республика,

– Баарына каршы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: