Menu

АКШ менен Орусиянын ортосундагы ракеталык келишим жокко чыгарылды

Бөлүшүү:

АКШ менен Орусия 2-августта 31 жыл мурда түзүлгөн Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу келишимден расмий түрдө чыгат.

Бул келишим Советтер Союзу менен АКШнын 500дөн 5500 чакырымга чейин уча турган канаттуу же баллистикалык ракеталарды жасашына, колдонушуна жана жайгаштырышына тыюу салып келген. Ага Кошмо Штаттардын президенти Рональд Рейган менен Советтер Союзунун лидери Михаил Горбачев 1987-жылы кол коюп, 1988-жылы күчүнө кирген.

Сынчылар бул келишимдин токтошу Кошмо Штаттар менен Орусиянын ортосундагы жаңы курал-жарак жарышына алып келиши мүмкүндүгүн эскертишүүдө.

1-августта Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриш келишимдин токтошу менен дүйнө «өзөктүк согуштан сактап турган баалуу нерсени жогото турганын» билдирген.

АКШ тарап Орусияны «бул ракеталык келишимди бузуп жатат» деп 2014-жылдан бери айыптап келет, бирок Москва дооматтарды четке кагууда.

Москва менен Вашингтондун ортосунда сакталып калган жалгыз – Стратегиялык чабуул жасоочу куралдарды кыскартуу жана чектөө боюнча чаралар деп аталган келишимдин мөөнөтү 2021-жылдын аягында аяктайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: