Menu

Салянованын сыры эмнеде?

Бөлүшүү:

Батукаев иши боюнча абакка түшкөн «чоңдордун» ичинен жалгыз Аида Салянова кармалып турат. Зарылбек Рысалиев ден соолугуна байланыштуу абакка түшпөдү. Шамил Атаханов Атамбаевге каршы көрсөтмө берип, үй камагына чыкты. Батукаев ишинин башка фигуранттары да ошентип үй камагына чыкты. Жалгыз гана Аида Салянова Атамбаевге каршы көрсөтмө бербей, кармалып отурат. Анын себеби эмнеде?

Салянова башкы прокурор кезинде көптөгөн саясатчыларга кылмыш ишин козгоп, абдан чоң ызы-чуулар чыккан. «Бул иштердин баары Атамбаевдин саясый буюртмасы» деген шекшинүүлөр ошол кездерде эле айтылган. Бирок, Салянова баарын өз демилгеси менен коррупцияга каршы күрөштүн алкагында жасап жатканын билдирген. Ушул сөзүн дагы эле карманып келатат.

Батукаевди бошотууда Салянова Жогорку Кеңеште болуп көрбөгөндөй активдүүлүктү көрсөтүп, «баары мыйзамдуу» деп турган. Ал азыр мүчөсү болгон «Ата Мекен» партиясы, тескерисинче, Батукаев ишинин бетин ачууда абдан активдүү болгон. Партия депутаттары ал учурда Саляновага да катуу сындарды айткан. Бирок, 2015-жылы парламенттик шайлоодо Текебаев Салянованы талапкерлер тизмесинде алдыңкы катарга койгон. Мындай абсурддун сыры эмнеде? «Ата Мекен» лидерлери Салянова АШАнын Батукаевди бошотуу операциясында «буйрук аткаруучу» болгонун билишкен, же тизмеде алдыңкы орун үчүн ири сумма төлөнгөн…

Азыр эми Салянова «Батукаевди бошотууда Атамбаевдин же президенттик аппараттын тапшырмасын аткаргам» дей турган болсо, анда ушул кезге чейин карманып келген позициясы, айткан сөздөрү, түзгөн образы ташталкан болот. Муну Салянова абдан жакшы билет. Ошондуктан, Аида Салянова «партизан» болуп жаткандай…

Айданбек Акматов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: