Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти, белгилүү куудул Обид Асомов дүйнө салды. Бул тууралуу Uznews сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 55 жаштагы куудул кечээ, 14-декабрда Ташкенттеги ооруканалардын биринде инфаркттан улам көз жумган.
Айта кетсек, буга чейин Өзбекстандын айрым маалымат каражаттары ал жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгын жазып чыгышкан. Бирок артисттин администратору мындай маалыматты четке кагып, анын ден соолугу жакшы экендигин билдирген.
Эскерте кетсек, Обид Асомов 1963-жылы 22-октябрда Ташкент шаарында төрөлгөн. Ал чыгармачылык жолунда жеке өзүнүн “Обид-А” аталышындагы театрын ачып, 2000-жылдардын соңунда россиялык “Кривое зеркало” телешоусуна катыша баштаган. Ошондой эле, ал үстүбүздөгү жылдын май айында “Мультипликациялык фильмдердин студиясы” мамлекеттик-унитардык ишканасынын директору болуп дайындалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ