Menu

“Баарына каршы” добуштан ким утулуп, ким утат?

Бөлүшүү:

23-сентябрда Бишкекте “Баарына каршы” деген акция өттү. Акциянын катышуучулары 4-октябрдагы парламенттик шайлоо бир топ мыйзам бузуу менен коштолуп жатканын билдиришти. Алар №2 форма деп аталган документ менен жарым миллионго жакын добуш берүүчүнүн шайлоо участкасын алмаштырууга, партияларды каттоодогу талаштарга, үгүт маалындагы эреже бузууга каршы экенин айтышкан. Айрым саясатчылардын айтымында «баарына каршы» добуш берүү бийликтин партияларына жол ачуу болуп саналат. Биз бул боюнча сурамжылоо жүргүзүп көрдүк?

Ташполот Балтабаев, коомдук ишмер:

– Колдойм. Мыйзамда элге ошондой укук берилген. Эгерде баардык партиялар жакпаса элде мүмкүнчүлүк бар аларды парламентке киргизбей коюуга. Ал үчүн баарына каршы добуш биринчи орунду ээлеген партиянын добушунан бир добушка көп болсо жетиштүү болот. Демек эл утушка ээ болот. Эл менен эсептешпей көзүн май баскан коррупционерлер, уюшкан уурулар, куру убада менен элди алдаган курчечендер саясий аренадан сүрүлүп чыгарылат.

Абдымалик Мырзаев, коомдук ишмер:

– Мен деле баарына каршы деген кыймылга кошулам. Биринчиден, шайлоо таза адилеттүү эч качан өтпөйт, ошондуктан Парламентке мурдагыдай эле акчанын күчү менен, бийликтин сценарийи менен өтүшөт. Акчанын аркасында криминалдар, контрабандисттер, коррупционерлер, уурулар, саясий олигархтар турат. Алар таза партияларга жол бербейт. Экинчиден, мен жалаң эле шайлоого эмес, мен жалпы криминалдуу мамлекетти башкаруу тутумуна (системасына) каршымын. Мындай айтканда, мен бул бийликтен чарчадым тажадым. Үчүнчүдөн, таза шайлоо эч качан болбойт. Ал үчүн бизге дагы бир элдик тынч революция керек. Казынаны уурдаган, мыйзамсыз байыган чиновниктердин бардыгын жоопко тартыш керек, Акаевден баштап. Коррупцияга тиешелүү кылмыштарга өлүм жазасын алып келиш керек. Президент институтун жок кылыш керек. Партиялык тутумду түп тамырынан жок кылыш керек. Эң жогорку бийлик бул Улуу Курултай болуш керек деп ойлойм. Эл бийликтин ээси болмоюнча эч нерсе өзгөрбөйт. Ошондуктан, Кыргыз элиме ынтымак каалап, баарыбыз азыркы келе жаткан шайлоодо “баарына каршы” деп добуш берели. Биз өзгөрүүлөрдү каалайбыз.

Айбек Мырза, активист:

– Баарына каршы добуш берүүнү колдойм. Себеби азыр шайлоо акчага байланып калган. Дебаттардын негизинде кандидаттардын кылган ишин, программасын баалоо деген түшүнүк азыр болбой калды. Партиялык тизмеге кирген талапкерлерди эл толук билбейт. Баары эле аралашып кеткен. Кимди шайлап атканын эл өзү деле түшүнбөй калат. Баарына каршы добуш берүү жарандын укугу.

Жамалбек Ырсалиев, ишкер:

– Чынында элдин көбү баарына каршы. Бирок, шайлоочулардын жарымынан көбү каршы болушу мүмкүн эместей. Шайлоого чейин эле мыйзам бузуулар көп болуп жатат. Бирок, арыз менен кайрылган киши жок деп иш каралбай жатат. Социалдык тармактарда канча видео жана аудио факт чыккан менен баары бир сотко расмий кайрылуу жок деп койот экен. Ошондуктан, баарына каршы дегенден көрө жүрөкө жакын партияга добуш берсекпи деп ойлойм. Элдин баары тегиз каршы болсо мен да баарына каршы болмокмун. Бирок… ар кандай адамдар барбыз. Акчага, тууганга, куда-сөөк, классташ эң эле болбоду дегенде жаман да болсо өз улагыңдан теке сал деген принцип менен кетип жатабыз да…

Мелис Аспеков, жаш саясатчы:
– Мен “Баарына каршы” кыймылын дагы, өткөн акциясын дагы колдобойм. Себеби, эч качан бюллетендеги “Баарына каршы” деген сызык шайлоодо көп добуш алган эмес, албайт дагы. Бул кыймылда көбүнчөсү азыркы шайлоого катышпай калган адамдар топтолду, көбү оппозициядагы көз карашы менен келгендер. Бул адамдарынын ойлору жаман эмес, кыймылдын мүчөлөрү менен сүйлөшсөң, олигархтардын партияларын бийликке келтирбөө аракеттери менен жүрөт. Бирок, өздөрү билбей, азыркы оппозициялык партияларын добуштарын шайлоо күнү алып, азыркы бийликке майдай иштеп берип жаткандарын, өздөрү билбей калып жатышат. Мына мени ушул билбестиктен кылган кыймыл аракеттери өкүндүрөт.

Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: “Факты.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: